97-берене. Текстиль жана булгаары материалдарын колдонуу талаптары жана алардын өрт коркунучу тууралуу маалыматтар
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 27-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Текстиль жана булгаары материалдары имараттардын, курулмалардын функциялык арналышына жана өрт коркунучуна жараша же алардан жасалуучу буюмдардын арналышына ылайык пайдаланылат.
2. Текстиль жана булгаары материалдарын колдонуу боюнча өрт коопсуздугунун талаптары бул материалдардын ушул Техникалык регламенттин тиркемесиндеги 19-таблицада келтирилген өрт коркунучунун көрсөткүчтөрүнө ылайык белгиленет.
3. Атайын коргоочу кийимдердин материалдары төмөнкү учурларда жалындагычтыгы боюнча сыноодон өттү деп эсептелет, эгер:
- үлгүнүн тешилгенче күйгөнү байкалбаса;
- жалындын таралышы байкалбаса;
- эритиндинин тамчыларынын тамганы байкалбаса;
- калдыктуу күйүү убактысы 2 секундга барабар же андан аз болсо;
- калдыктуу түтөө убактысы 2 секундга барабар же андан аз болсо.
Атайын коргоочу кийимдердин материалдарынын жалындагычтыгынын классификациялык белгилерин аныктоо методдору атайын техникалык регламент менен белгиленет.
4. Атайын коргоочу кийимдердин материалдары бул кийимдердин типтерине жараша 5тен 40 кВт/кв.м ге чейинки кубаттуулуктагы жылуулук агымы таасир эткенде үлгүнүн (материалдар пакетинин) аркы бетинде 50 Цельсия градусу температурага жетүү мезгили менен мүнөздөлүүчү жылуулуктан коргоону камсыз кылууга тийиш.
5. Атайын коргоочу кийимдердин материалдарынын жылуулуктан коргоо натыйжасынын классификациялык белгилерин аныктоо методдору атайын техникалык регламенттер менен аныкталат.
6. Атайын коргоочу кийимдердин материалдары ачык жалындын таасирине туруктуулугу боюнча үлгүгө келген жылуулук агымынын тыгыздыгы 80 кВт/кв.м болгондой кылып газ берүү жана чыгымын жөндөө менен газ горелкасынын жалыны таасир эткенде температуранын 240 Цельсия градусуна жетүү мезгили менен мүнөздөлөт.
7. Бекитилүүчү параметрлеринин орточо мааниси боюнча үлгүлөр 5 топко бөлүнөт:
- В1 тобу: температуранын жогорулоо мезгили - 3-6 сек.;
- В2 тобу: температуранын жогорулоо мезгили - 7-12 сек.;
- В3 тобу: температуранын жогорулоо мезгили - 13-20 сек.;
- В4 тобу: температуранын жогорулоо мезгили - 21-30 сек.;
- В5 тобу: температуранын жогорулоо мезгили - 31 секунддан көп.
8. Атайын коргоочу кийимдердин материалдарынын ачык жалындын таасирине туруктуулугунун классификациялык белгилерин аныктоо методдору атайын техникалык регламент менен белгиленет.
9. Текстиль жана булгаары материалдарынын коштомо документтеринде алардын өрт коркунучу жана имараттар менен курулмаларда же ар кандай функциялык арналыштагы буюмдарда колдонулушу боюнча маалыматты көрсөтүү зарыл.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
97-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-97" title="97-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>