Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
96-берене. Имараттар менен курулмаларда өрт коопсуздугунун курулуш материалдарын колдонууга коюлуучу талаптар
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 27-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Имараттар менен курулмаларда курулуш материалдары алардын функциялык арналышына жана өрт коркунучуна жараша колдонулат.
Имараттар менен курулмаларда курулуш материалдарын колдонуу боюнча өрт коопсуздугунун талаптары ошол материалдардын ушул Техникалык регламенттин тиркемесиндеги 16-таблицада келтирилген өрт коркунучунун көрсөткүчтөрүнө жараша аныкталат. Курулуш материалдарынын техникалык документтери ушул Техникалык регламенттин тиркемесиндеги 16-таблицада келтирилген материалдардын өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү, ошондой эле алар менен иштөөдөгү өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндөгү маалыматтарды камтууга тийиш.
2. "А", "Б" жана "В1" категорияларынын "Ф 5" классындагы оңой жалындоочу суюктуктар чыгарылуучу, колдонулуучу же сакталуучу жайлардын полу күйбөй турган материалдардан же "Г1" күйгүчтүк тобундагы материалдардан салынышы керек.
Жайлардагы же эвакуация жолдорундагы асма шыптардын каркастары күйбөй турган материалдардан гана жасалышы керек. Ар кандай функциялык арналыштагы, кабаттуулуктагы жана сыйымдуулуктагы имараттарда жасалгалоо-кооздоо, каптооч материалдарынын жана эвакуация жолдорунун полуна төшөгүчтөрдүн колдонуу жагы ушул Техникалык регламенттин тиркемесиндеги 17, 18 жана 19-таблицаларда келтирилген.
3. Уктоо үчүн бөлмөлөрдө жана палаталарда, ошондой эле "Ф 1.1" классындагы балдар топторундагы иматраттарда "КМ2" классынан жогорку өрт коркунучундагы жасалгалоо-кооздоо, каптооч материалдарын жана полго төшөгүчтөрдү колдонууга жол берилбейт.
Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин музыкалык жана дене тарбия залдарынын дубалдарынын жана шыптарынын жасалгасы "КМ0" классындагы материалдардан жасалууга тийиш. Физиотерапиялык дарылоо үчүн бөлмөлөрдө дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ2" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ3" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт. Диагностика үчүн жайларда дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ3" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ3" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт. Операция жана реанимация үчүн жайларда дубалдын, шыптын жана асма шыптардын толтурууларынын жасалгасы үчүн "КМ2" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ3" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт. "Ф 1.2" классындагы адам жашоочу жайда дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ4" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ4" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт. "Ф 2.12" классындагы кийим чечүүчү жайларда дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ1" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ2" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт. Окуу залдарында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ2" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ3" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт. Китеп сактоочу жайларда жана архивдерде, ошондой эле кызмат каталогдорунун жана дубалдардын жана шыптардын жасалгасы үчүн "КМ0" классындагы материалдар каралат. "Ф 2.2" классындагы имараттардын демонстрация залдарында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ2" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ3" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт. Бий залдарында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ2" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ2" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт. "Ф 3.1" классындагы жайлардагы соода залдарында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ2" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ3" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт. "Ф 3.3" классындагы имараттардын күтүү залдарында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ0" классындагы материалдар колдонулууга тийиш. "Ф 3.4" классындагы имараттардын диагностика жана процедура бөлмөлөрүндө дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ2" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ3" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-96" title="96-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>