95-берене. Заттар менен материалдардын өрт коркунучу тууралуу маалыматтарга коюлуучу талаптар
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 27-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
Заттар менен материалдарга өндүрүүчү (жабдуучу) тарабынан ошол продукциянын коопсуз колдонулушу жөнүндө маалыматты камтыган техникалык документтер иштелип чыгууга тийиш. Заттар менен материалдардын техникалык документтери (анын ичинде паспорттор, техникалык шарттар, технологиялык регламенттер) заттар менен материалдардын жарылуу-өрттөнүү жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматты камтууга тийиш. Техникалык документтерге киргизилүүчү милдеттүү түрдөгү көрсөткүчтөр төмөнкүлөр болуп саналат:
1) газдар үчүн:
- күйгүчтүк тобу;
- өзүнөн өзү жалындоо температурасы;
- жалындын концентрациялык таралуу чектери;
2) суюктуктар үчүн:
- күйгүчтүк тобу;
- дүрт этип күйүү температурасы;
- жалындоо температурасы;
- өзүнөн өзү жалындоо температурасы;
- жалындын температуралык таралуу чектери.
3) катуу заттар үчүн:
- күйгүчтүк тобу;
- жалындоо температурасы;
- өзүнөн өзү жалындоо температурасы;
- түтүн пайда болуу коэффициенти;
- күйүү продукттарынын уулуулугунун көрсөткүчү;
4) дисперстик катуу заттар үчүн:
- күйгүчтүк тобу;
- өзүнөн өзү жалындоо температурасы;
- жалындын төмөнкү концентрациялык таралуу чектери;
- жарылуунун эң жогорку басымы;
- жарылуу басымынын көбөйүү ылдамдыгы;
- жарылуу коркунучунун индекси.
Жарылуу-өрттөнүү жана өрт коркунучу көрсөткүчтөрү жөнүндө кошумча маалыматтарды киргизүүнү продукцияны даярдоочу чечет.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
95-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-95" title="95-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>