Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
62-берене. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулугуна жана өрт коопсуздугуна карата талаптар
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 19-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулук даражасы алардын кабаттуулугуна, функциялык өрт коркунучтуулугуна, өрт отсегинин аянтына жана аларда жайгаштырылган технологиялык процесстердин өрт коркунучтуулугуна жараша белгиленүүгө тийиш.
Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектери имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин кабыл алынган отко туруктуулук даражасына ылайык келүүгө тийиш. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулук даражасы менен аларда колдонулган курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектеринин ылайык келүү даражасы ушул Техникалык регламенттин тиркемесиндеги 11-таблицада келтирилген. Өрткө каршы бөгөттөрдүн боштуктарын кошпогондо, ачыктыктардын (эшиктер, дарбазалар, терезелер жана люктар, ошондой эле фонарлар, анын ичинде зениттик жана башка жабуулардын төшөлгүчтөрүнүн жарык-тунук участкалары) толтурулушунун отко туруктуулук чектери нормага салынбайт. Түтөбөөчү "Н1" тибиндеги тепкич клеткасында "К0" өрт коркунучу "R 15" классы чегиндеги отко туруктуу тепкич аянтчаларын жана марштарын кароого жол берилет.
2. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин конструкциялык өрт коркунучу классы алардын кабаттуулугуна, функциялык өрт коркунучтуулугуна, өрт отсегинин аянтына жана аларда жайгаштырылган технологиялык процесстердин өрт коркунучтуулугуна жараша белгиленүүгө тийиш.
Курулуш конструкцияларынын өрт коркунучтуулук классы имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин кабыл алынган конструкциялык өрт коркунучу классына ылайык келүүгө тийиш. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин конструкциялык өрт коркунучтуулук классы менен аларда колдонулган курулуш конструкцияларынын конструкциялык өрт коркунучу классынын ылайык келүүсү ушул Техникалык регламенттин тиркемесиндеги 12-таблицада келтирилген. Өрткө каршы бөгөттөрдүн ачыктыктарын кошпогондо, башка имараттардын тосуучу конструкцияларынын ачыктыктарынын (эшиктер, дарбазалар, терезелер жана люктар) толтурулушунун өрт коркунучтуулугу нормага салынбайт. "Ф 1.1" функциялык өрт коркунучтуулуктагы имарат үчүн "К0" классындагы сырткы жылуулоо системаларын колдонгондо аларда күйбөөчү материалдарды колдонуу зарыл.
3. Курулуш конструкцияларынын жол берилген отко туруктуулук чектерин жана өрт коркунучтуулук класстарын аныктоо боюнча сыноо тиешелүү стандарттар менен белгиленген усулдар боюнча сыноо шарттарында жана/же тиешелүүүү стандарттар менен белгиленген эсептөө усулу менен аныкталат.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-62" title="62-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>