40-берене. Адамдарды жана мүлктү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо ыкмалары
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 14-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
Адамдарды жана мүлктү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо же алардын таасиринин залакасын чектөө төмөнкү ыкмалардын бири же бир нечеси аркылуу камсыз кылынат:
- өрттүн очогунун чегинен сырткары таралышын чектөөнү камсыз кылуучу көлөмдүк-пландык чечилиштерди жана каражаттарды колдонуу;
- өрттө адамдарды коопсуз эвакуациялоо талаптарын канааттандыруучу эвакуация жолдорун куруу;
- өрттү автоматтык түрдө табуучу (өрт сигналдарынын автоматтык орнотмолорун), маалымдоочу жана адамдарды эвакуациялоону башкаруучу системаларды орнотуу;
- өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен адамдарды жамааттык коргоо системаларын (анын ичинде түтүнгө каршы) жана жеке коргоо каражаттарын колдонуу;
- отко туруктуулук чеги бар негизги курулуш конструкцияларын жана имараттардын (курулмалардын) талап кылынган отко туруктуулук даражасына жана алардын конструкциялык өрт коркунучу классына жооп берүүчү өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү бар материалдарды колдонуу;
- курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чегин жогорулатуу үчүн оттон коргоочу курамдарды (анын ичинде антипирендерди жана оттон корголгон сырларды) жана курулуш материалдарын (беттерди каптагычтарды) колдонуу;
- өрт коркунучу бар суюктуктарды авариялык куйгучтарды жана күйүүчү газдарды аппараттардан авариялык чыгаргычтарды орнотуу;
- технологиялык жабдууларда жарылууга каршы коргонуу системасын орнотуу;
- өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын колдонуу;
- өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолорун колдонуу;
- мамлекеттик өрткө каршы кызматтын бөлүкчөлөрүнүн ишин уюштуруу.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
40-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-40" title="40-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>