41-берене. Өрттө адамдарды эвакуациялоо жолдору
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 14-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
Ар бир имарат же курулма өрттө адамдарды коопсуз эвакуациялоону камсыз кылуучу эвакуациялоо жолдорунун көлөмдүк-пландык чечилишине жана конструкциялык аткарылышына ээ болууга тийиш. Адамдарды коопсуз эвакуациялоо мүмкүн болбогондо аларды коргоо жамааттык коргоо системаларын колдонуу аркылуу камсыз кылынууга тийиш. Адамдарды коопсуз эвакуациялоону камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр аткарылышы зарыл:
- зарыл болгон сандагы, өлчөмдөгү жана тиешелүү конструкциялык аткарылыштагы эвакуациялоо жолдору жана эшиктерди орнотуу;
- эвакуациялоо жолдору боюнча жана эвакуациялоо эшиктери аркылуу адамдардын тоскоолсуз кыймылын камсыз кылуу;
- маалымдоо жана эвакуациялоо жолдору боюнча адамдардын тоскоолсуз кыймылын (анын ичинде жарык көрсөткүчтөрүн, добуштук жана сүйлөө маалымдамаларын колдонуу аркылуу) башкарууну уюштуруу.
Эгер өрт билингенден баштап адамдарды коопсуз зонага эвакуациялоо процесси аяктаганга чейинки убакыт адамдарды эвакуациялоо үчүн зарыл болгон убакыттан ашпаса, имараттардан жана курулмалардан адамдарды коопсуз эвакуациялоо камсыз кылынган деп эсептелет.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
41-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-41" title="41-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>