39-берене. Өрттөн коргоо системасын түзүүнүн максаты
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 14-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Өрттөн коргоо системасын түзүүнүн максаты адамдар менен мүлктү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо жана (же) анын залакасын чектөө болуп саналат.
Адамдар менен мүлктөрдү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо жана (же) анын залакасын чектөө өрттүн коркунучтуу факторлорунун күчөө динамикасын басаңдатуу, адамдарды жана мүлктү коопсуз зонага эвакуациялоо жана (же) өрттү өчүрүү менен камсыз кылынат.
2. Өрттөн коргоо системасы өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатына жетүү үчүн зарыл болгон убакыт ичинде өрттүн коркунучтуу факторлорунун тийгизген таасирлерине бекем жана туруктуу болууга тийиш.
3. Объекттердин өрттөн коргоо системасынын курамы жана функциялык мүнөздөмөсү ошол продукцияга жана/же өрткө каршы коргоо системасына тиешелүү атайын техникалык регламент менен аныкталат.
4. Өрттөн коргоонун бардык системасы жана өрт насостук станциялары керектөөнүн I категориясы боюнча электр жабдуу менен камсыз кылынууга тийиш.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-39" title="39-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>