17-берене. Жарылуудан корголгон электр жабдууларын классификациялоо
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Жарылуудан корголгон электр жабдуулары жарылуудан коргоо деңгээли, жарылуудан коргоо түрлөрү, топтору жана температуралык класстары боюнча классификацияланат.
2. Жарылуудан корголгон электр жабдуулары жарылуудан коргоо деңгээли боюнча төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- өзгөчө жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары (деңгээли - 0);
- жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары (деңгээли - 1);
- жарылууга каршы жогорку бекемдиктеги электр жабдуулары (деңгээли - 2).
3. Жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары - бул жарылууга каршы кошумча каражаттары бар жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары.
Жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары иштин нормалдуу режиминде да, бузулууда да, коргоо каражаттары бузулгандан башка учурларда жарылуудан коргоону камсыз кылат. Жарылууга каршы жогорку бекемдиктеги электр жабдуулары иштин нормалдуу режиминде гана жарылуудан коргоону камсыз кылат (авария жана бузулуу жок болгон учурларда).
4. Жарылуудан корголгон электр жабдуулары жарылуудан коргоонун түрлөрү боюнча төмөнкүдөй жабдууларга бөлүнөт:
- жарылуу өткөрбөөчү кабыкчасы бар (d);
- кабыкчасы ашыкча басымдын астында коргоочу газ менен толтурулган же үйлөтүлгөн (p);
- учкундан коопсуздандыруучу электр чынжыры бар (i);
- ток өткөрүүчү бөлүктөрү бар кабыкчасы кварц менен толтурулган (q);
- ток өткөрүүчү бөлүктөрү бар кабыкчасы май менен толтурулган (о);
- объекттин өзгөчөлүктөрү менен аныкталган, жарылуудан корголгон атайын түрү (s);
- коргоонун ар кандай башка түрү (е).
5. Жарылуудан корголгон электр жабдуулары зоналарда колдонууга жол берилиши боюнча төмөнкүдөй жабдууларга бөлүнөт:
- өнөр жай газдары жана буулары менен (II топ жана НА, ИВ, НС топчолору);
- кенден алынган метан менен (II топ).
6. II топтун жарылуудан корголгон электр жабдуулары үстүңкү бетине жол берилген эң жогорку температурага жараша төмөнкүдөй температуралык класстарга бөлүнөт:
Т1 (450 Цельсия градусу); Т2 (300 Цельсия градусу); Т3 (200 Цельсия градусу); Т4 (135 Цельсия градусу); Т5 (100 Цельсия градусу); Т6 (85 Цельсия градусу).
7. Жарылуудан корголгон электр жабдуусу маркаланууга тийиш. Алар төмөнкүдөй ырааттуулукта көрсөтүлүүгө тийиш:
- электр жабдууларынын жарылуудан корголуу деңгээлинин белгиси (2, 1, 0);
- электр жабдууларын жарылуудан корголгондугун билгизүүчү белги (Ех);
- жарылуудан коргоонун түрүнүн белгиси (d, p, i, q, о, s, е);
- электр жабдууларынын тобунун же топчосунун белгиси (II, IIА, IIВ, IIС);
- электр жабдууларынын температуралык классынын белгиси (Т1, Т2, Т3, Т4, Т5, Т6).
8. Жарылуудан корголгон электр жабдууларын тийиштүү деңгээлге, түргө, топко (топчого) температуралык класска таандыктыгын сыноо атайын техникалык регламент менен белгиленет.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-17" title="17-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>