16-берене. Өрттөн корголгон электр жабдууларын классификациялоо
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Өрт коркунучу бар зоналарда колдонулуучу электр жабдуулары ошол электр жабдуусунун конструкциясы менен камсыздалып, жабдуунун ичине суунун киришинен жана сырттагы катуу нерселердин түшүп кетишинен корголуш даражасы боюнча классификацияланат.
Өрттөн корголгон электр жабдууларынын классификациясы ушул Техникалык регламенттин тиркемесиндеги 4 жана 5-таблицаларга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Өрттөн корголгон электр жабдууларынын кабыкчасынын коргоо даражасын аныктоо усулдары тиешелүү атайын техникалык регламенттер менен белгиленет.
3. Өрттөн корголгон электр жабдууларынын кабыкчасынын коргоо даражасын маркалоо эл аралык коргоо белгисинин (IР) жана эки цифранын жардамы менен жүзөгө ашырылат, алардын биринчиси катуу нерселердин түшүп кетишинен, экинчиси суунун киришинен коргой тургандыгын билгизет.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-16" title="16-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>