101-берене. Таштанды чыгаруу системаларынын конструкцияларынын жана жабдууларынын өрт коопсуздугуна коюлуучу талаптар
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 28-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
Таштанды чыгаруу системаларынын найлары күйбөй турган материалдардан жасалууга жана талап кылынган отко туруктуулук жана түтүн-газдын өтүшүнө каршылык көрсөтүү чектерин камсыз кылууга тийиш. Таштанды чыгаруу системасынын найларынын конструкцияларынын курамына жарылуу менен бузулууга жөндөмдүү материалдарды пайдаланууга жол берилбейт. Таштанды чыгаруучу найлардын жүктөөчү клапандары күйбөөчү материалдардан жасалууга жана түтүн-газдын өтүшүнө каршылык көрсөтүүнүн зарыл болгон минималдык маанилерин камсыз кылууга тийиш. Таштанды чыгаруучу найлардын таштанды жыйналуучу камераларга орнотулуучу тосмолору өрт болгон учурда өзү жабылуучу иштеткич менен жабдылууга тийиш. Мындай тосмолордун талап кылынган отко туруктуулук чектери таштанды чыгаруучу найлар үчүн белгилегенден кем болбоого тийиш.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
101-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-101" title="101-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>