102-берене. Лифттердин өрт коопсуздугуна коюлуучу талаптар
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 28-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
Автоматтык эшиктери бар жана кыймылынын ылдамдыгы 1 м/сек жана андан көп болгон жүргүнчү лифттеринин имараттын автоматтык өрт сигналдар системасынан келген сигнал боюнча өрт коркунучун билдирип, ишке кирүүчү жана кабинанын ичиндеги жүккө жана кыймылдын багытына карабастан, анын негизги түшүү аянтчасына кайтып барып, кабинанын жана шахтанын эшиктерин ачуучу жана ачык бойдон кармап турууну камсыз кылуучу иш режими болууга тийиш. Лифт шахталарындагы эшиктердин өрткө каршылыгы 2 типтен төмөн болбоого тийиш. Лифт жабдууларына, түзүлүштөрүнө, отко туруктуулугуна, материалдарына, ошондой эле башкаруу, сигналдар, байланыш жана энергия менен жабдуу системаларына коюлуучу талаптар тийиштүү атайын техникалык регламенттердин талаптарына жооп берүүгө тийиш.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
102-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-102" title="102-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>