10-берене. Коопсуздук кеңешинин жыйналыштары
Күчүн жоготкон · 17.06.2017 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 17 июня 2017 года № 107.
1. Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруунун негизги формасы болуп анын жыйналышы саналат.
Коопсуздук кеңешинин жыйналышы зарылчылыгына жараша, бирок үч айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын чечими боюнча кезексиз жыйналыштар өткөрүлүшү мүмкүн.
2. Коопсуздук кеңешинин жыйналышынын күн тартибин жана маселелерди кароо тартибин Коопсуздук кеңешинин катчысынын сунушу боюнча Төрага аныктайт.
3. Коопсуздук кеңешинин жыйналышын Коопсуздук кеңешинин Төрагасы алып барат. Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын тапшырмасы боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйналышын анын мүчөлөрүнүн бири алып барышы мүмкүн.
4. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү анын иштөө процессинде жана чечимдерди кабыл алууда бирдей укуктарга ээ. Коопсуздук кеңешинин мүчөсүнө өз укуктарын башка кызмат адамдарына жүктөөгө жол берилбейт.
5. Коопсуздук кеңешинин жыйналышы, эгерде анда Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү катышса ыйгарым укуктуу.
6. Коопсуздук кеңешинин чечими жыйналышка катышкан Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана Коопсуздук кеңешинин Төрагасы тарабынан бекитилгенден кийин күчүнө кирет.
7. Күн тартибинин маселелери зарыл болгондо Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн жумушчу кеңешмелеринде алдын ала талкууланат, ал Коопсуздук кеңешинин катчысынын жетекчилиги астында өткөрүлөт.
8. Коопсуздук кеңешинин жыйналыштарына талкуулануучу маселелерге түздөн-түз тиешеси бар мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жетекчилери жана башка адамдар чакырылышы мүмкүн.
9. Коопсуздук кеңешинин жыйналыштары протоколдор менен таризделет, аларга Коопсуздук кеңешинин Төрагасы жана Коопсуздук кеңешинин катчысы тарабынан кол коюлат.
Берененин тексти 17.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203342/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>