9-берене. Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы
Күчүн жоготкон · 17.06.2017 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 17 июня 2017 года № 107.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 апреля 2016 года № 42
1. Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруу-техникалык жана маалыматтык жактан камсыз кылууну тынчтык мезгилде анын Катчылыгы, ал эми согуш мезгилинде - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жүзөгө ашырат.
2. Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмүнө кирет.
3. Катчылыктын жобосу, түзүмү жана штаттык ырааттамасы Коопсуздук кеңешинин катчысынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
4. Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы зарыл болгондо мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, уюмдардын адистерин, эксперттерин тартат.
5. Коопсуздук кеңешинин Катчылыгынын кызмат адамдары мамлекеттик кызматчылар болуп саналат.
(КР 2016-жылдын 15-апрелиндеги № 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 15 апреля 2016 года № 42 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О мобилизационной подготовке и мобилизации в Кыргызской Республике", "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики", "О Совете обороны Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Президентинин 2011-жылдын 9-декабрындагы ПЖ № 24 "Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 09.12.2011 · № 24 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203342/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>