11-берене. Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 17.06.2017 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 17 июня 2017 года № 107.
Коопсуздук кеңешинин Төрагасы: Коопсуздук кеңешинин ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат; Коопсуздук кеңешинин иш пландарын жана анын жыйналыштарынын күн тартибин бекитет; Коопсуздук кеңешинин жыйналыштарын өткөрүүнүн убактысын жана ордун аныктайт; Коопсуздук кеңешинин жыйналыштарына төрагалык кылат; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясын жана Аскердик доктринасын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн колдонуу боюнча пландаштырылган жана директивалык документтерди бекитет; Коопсуздук кеңешинин кезектеги жана кезексиз жыйналыштарын өз демилгеси боюнча чакырат; Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткаруунун жүрүшү жөнүндө анын катчысынын учурдагы маалыматын угат; Коопсуздук кеңешинин кароосуна коюлган маселелер боюнча материалдарды даярдоо. ошондой эле анын чечимдеринин долбоорлору боюнча Коргоо кеңешинин мүчөлөрүнө тапшырмаларды берет; Коопсуздук кеңешинин жыйналыштарына катышуу үчүн каралуучу маселелер боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын жана коомдук уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрүн, ошондой эле эксперттерди жана адистерди чакырат; Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышына контролдукту уюштурат; жамааттык коопсуздук, аскердик кызматташтык, азыркы учурдагы талаптарга жана коркунучтарга каршы туруу маселелери боюнча мамлекет башчыларынын кеңешмелерине катышат, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашуу боюнча коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндө эл аралык келишимдерге кол коет; коргоо жана коопсуздук үчүн бюджетти карайт жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет; тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен сырткары пайдалануу жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет; коргоо жана коопсуздук жаатында мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт.
Берененин тексти 17.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203342/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>