11-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруунун тартиби
Күчүндө · 18.06.2025 редакциясы · 4-глава
11-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 11-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруу, Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруунун Типтүү келишимине ылайык Соцфонд менен жазуу жүзүндө түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу жөнүндө келишимдин негизинде башкаруучу компания тарабынан жүзөгө ашырылат. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруунун Типтүү келишими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Башкаруучу компания пенсиялык топтоо каражаттары менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн өзүнчө банк эсебинде (эсептеринде) пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебин жүргүзүүгө жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана Соцфондго отчет берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн эсепте (эсептерде) болгон акча каражаттарына Соцфонддун, пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо менен байланышпаган депозитарийдин же башкаруучу компаниялардын милдеттенмелери боюнча өндүрүп алууга жиберилиши мүмкүн эмес.
3. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин субъектилери, пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо процессине тартылган башка жактар пенсиялык топтоо каражаттары менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн пенсиялык топтоо болуп саналбаган акча каражаттарды өзүнчө банк эсебине (эсептерине) чегерүүгө укугу жок.
4. Башкаруучу компания ушул Мыйзамда белгиленгенден башка максаттарда пенсиялык топтоо каражаттары менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн өзүнчө банк эсебинен (эсептеринен) акча каражаттарын эсептен чыгарууну (берүүнү) жүзөгө ашырууга укуксуз.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)
Берененин тексти 18.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
26.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ишенимдүү башкаруунун Типтүү келишими Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Башкаруучу компания пенсиялык топтоо … каражаттарын эсептен чыгарууну (берүүнү) жүзөгө ашырууга укуксуз.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203321/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>