10-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо боюнча чыгымдарды төлөө
Күчүндө · 18.06.2025 редакциясы · 3-глава
10-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 10-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо менен байланышкан чыгымдар пенсиянын топтоочу бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларынан төлөнөт. Чыгымдарды төлөөгө жыл сайын пенсиянын топтоочу бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 3 пайыздан ашык эмес суммасы багытталышы мүмкүн. Аталган чыгымдарды төлөөгө каражаттарды бөлүү камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоочу бөлүгүндөгү пенсиянын топтоочу бөлүгүн каржылоо үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын чагылдырган учурга чейин жүргүзүлөт.
2. Ишенимдүү башкаруучу пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган сый акыга, ошондой эле пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкарууда жүргүзүлгөн зарыл болгон чыгымдардын ордун толтурууга укуктуу.
3. Башкаруучу компанияларды сыйлоонун өлчөмү жана депозитарийдин кызматтарын төлөөнүн өлчөмү ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө каралган чектерде пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими жана адистештирилген депозитарийдин кызматы тууралуу келишим менен белгиленет.
4. Ишенимдүү башкаруучуга сый акы отчеттук жыл үчүн ишенимдүү башкаруучу тарабынан алынган пенсиялык топтоолорду инвестициялоодон түшкөн кирешелердин көлөмүнүн 10 пайыздан ашпаган өлчөмүндө төлөнөт. Эгерде жыл жыйынтыгы боюнча башкаруучу компанияга ишенимдүү башкарууга берилген таза активдердин суммалары көбөйбөсө, аталган сый акы төлөнүшү мүмкүн эмес. 1-январдан тартып 31-декабрды кошкондо календардык жыл отчеттук жыл болуп саналат.
5. Башкаруучу компаниялардын зарыл чыгымдарын төлөө боюнча Социалдык фонддун чыгымдарынын суммасы отчеттук жыл үчүн тиешелүү келишим боюнча башкаруучу компаниялардын ишенимдүү башкаруусунда турган таза активдердин орточо наркынын 0,6 пайызынан, анын ичинде депозитарийдин кызматын төлөө таза активдердин 0,05 пайызынан ашпашы керек.
Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо чыгымдарына башкаруучу компаниялар тарабынан ишенимдүү башкарууга берилген каражаттар менен түздөн түз байланышкан чыгымдар, ошондой эле аудиторлордун, жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздоочулардын, пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин башка катышуучуларынын, депозитарийдин (башкаруучу компанияларга депозитарий кызматын көрсөтүү тууралуу келишими болгондо) төлөп берүү чыгымдары да кирет. Башкаруучу компаниялар көрсөтүлгөн чыгымдарды Социалдык фонд тарабынан түзүлгөн келишимге ылайык башкаруучу компаниялардын зарыл чыгымдарын төлөөгө которулган каражаттардын эсебинен төлөп берет.
Берененин тексти 18.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө типтүү келишим (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 497 токтомуна 7-тиркеме)Приложение · 18.07.2026 · № 497
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 "Кыргыз Республикасында пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү…Постановление · 19.08.2015 · № 590 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203321/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>