Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими
Күчүндө · 18.06.2025 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93
1. Соцфонд пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими боюнча келишимде белгиленген мөөнөттө ишенимдүү башкаруучуга пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкарууга өткөрүп берет, ал эми ишенимдүү башкаруучу пенсиянын топтоо бөлүгүнө камсыздандырылган адамдардын укугун камсыз кылуу максатында өздөрүнүн милдеттерине жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык пенсиялык топтоо каражаттарын башкарууну жүзөгө ашырууга милдеттенет.
2. Ушул беренеге ылайык пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү аларга болгон менчиктик укуктун ишенимдүү башкаруучуга өтүшүнө алып келбейт.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарга ылайыктуу башкаруучу компания гана ишенимдүү башкаруучу болуп саналат.
4. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык башкаруучу компаниялар жана алардын кызмат адамдары мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн, анын ичинде МПТФга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартышат.
5. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзгөн мүлк менен болгон бүтүмдөрдү ишенимдүү башкаруучу өзүнүн атынан жасайт. Эгерде жазуу жүзүндөгү документтерде ишенимдүү башкаруучунун аталышынан кийин "Пенсиялык топтоо каражаттарын ИБ" деген белги коюлса, бул шарт сакталды деп эсептелинет.
6. Ишенимдүү башкаруучу пенсиялык топтоо каражаттарынын курамына кирген баалуу кагаздарды эсепке алууну башкарууда турган ар бир инвестициялык портфель боюнча өзүнчө камсыз кылууга милдеттүү.
7. Пенсиялык топтоо каражаттары ишенимдүү башкаруунун объектиси болуп саналат (ушул Мыйзамдын 19-беренесинде көрсөтүлгөн сом жана чет элдик валюта менен акча каражаттары жана баалуу кагаздар). Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоодон түшкөн кирешелер башкаруучу компаниянын менчиги болуп саналбайт, Соцфонддун башкаруусуна өткөрүлүп берилген каражаттардын өсүшүнө кирет.
8. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими жазуу жүзүндө түзүлүшү керек.
Ушул Мыйзамдын 20-беренесинин талаптарына ылайык келген ишенимдүү башкаруучунун инвестициялык декларациясы пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
9. Ишенимдүү башкаруучу сыйакы төлөөгө, ошондой эле пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкарууда келип чыккан зарыл чыгымдардын ордун жабууга укуктуу.
10. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими менен ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген пенсиялык топтоо каражаттарынын өсүү чени боюнча активдердин өз наркына салыштырмалуу ишенимдүү башкаруучунун сыйакысынын өлчөмүн кыскартуу тартиби аныкталышы керек.
11. Башкаруучу компанияны тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими 10 жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт. Көрсөтүлгөн келишимди түзүүнүн так мөөнөтү сынактын шарттары менен аныкталат.
12. (КР 2013-жылдын 3-августундагы № 186 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
13. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими төмөнкүлөрдүн натыйжасында токтотулат:
1) башкаруучу компаниянын тиешелүү лицензиясынын чакыртып алынышынын;
2) башкаруучу компаниянын жоюлушунун;
3) ишенимдүү башкаруучунун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарга (башкаруучу компаниянын милдеттерине) ылайык келбөөсүнүн;
4) ишенимдүү башкаруучуну банкрот деп таануунун.
14. Ишенимдүү башкаруу келишимин токтотууда ишенимдүү башкарууда турган пенсиялык топтоо каражаттарынын курамына кирген акча каражаттар көрсөтүлгөн келишим токтотулган убактан тартып 3 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө Соцфондго өткөрүлүүгө тийиш. Ишенимдүү башкарууда турган пенсиялык топтоо каражаттарынын курамына кирген башка активдер жана мүлктөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте мүлктөрдү же активдерди сатуудан түшкөн акча каражаттарын кийинчерээк Соцфондго өткөрүп берүү менен бир кыйла пайдалуу шарттарда сатууга жатат.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 3-августундагы № 186, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 августа 2013 года № 186 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
26.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…башкаруучуга өтүшүнө алып келбейт.
3. Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарга ылайыктуу башкаруучу компания гана ишенимдүү башкаруучу болуп саналат.
4. Кыргыз Республикасынын кошулду: кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык башкаруучу компаниялар жана алардын кызмат … жоюлушунун;
3) ишенимдүү башкаруучунун Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарга (башкаруучу компаниянын … курамына кирген башка активдер жана мүлктөр Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте мүлктөрдү же активдерди сатуудан түшкөн … өткөрүп берүү менен бир кыйла пайдалуу шарттарда сатууга жатат.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 3-августундагы № алынып салынды: 186 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 186, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 03.08.2013 · № 186
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203321/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>