32-берене. Имараттарга жана курулмаларга инженердик изилдөөлөрдүн жана долбоордук документтердин натыйжаларынын ылайыктуулугун баалоо
Күчүндө · 02.04.2015 редакциясы
1. Имараттарга жана курулмаларга инженердик изилдөөлөрдүн жана долбоордук документтердин натыйжаларынын ылайыктуулугун баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экспертизалоо формасында аткарылат.
2. Ылайыктуулукту баалоо долбоордук документтин жана инженердик изилдөөнүн натыйжаларынын өрткө каршы, экологиялык талаптарга жана ушул Техникалык регламентте белгиленген талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте күбөлөндүрүлөт.
3. Долбоордук документтин жана инженердик изилдөөнүн натыйжаларынын ылайыктуулугун күбөлөндүрүүчү документтери болуп ушул Техникалык регламенттин талаптарына долбоордук документтин жана инженердик изилдөөнүн натыйжаларынын ылайыктуулугу жөнүндө экспертизанын оң корутундусу эсептелет.
4. Инженердик изилдөөлөрдүн жана долбоордук документтердин натыйжаларын милдеттүү экспертиза жүргүзүүгө жаткан объекттердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
5. Экспертиза ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана мыйзам менен белгиленген тартипте аккредиттелген мамлекеттик эмес эксперттик уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203301/st-32" title="32-берене - Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>