33-берене. Имараттарды жана курулмаларды куруу процессинде алардын ылайыктуулугун баалоо
Күчүндө · 02.04.2015 редакциясы
1. Тобокелдик факторлору өтө жогорку жана жогору имараттарды жана курулмаларды курууда мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү техникалык регламенттердин, долбоордук жана жумушчу документтердин талаптарына аткарылып жаткан иштердин ылайыктуулугун текшерүү формасында жүзөгө ашырылат.
2. Курулуш контролу долбоордук жана жумушчу документтердин талаптарына курулуш-монтаждык иштеринин, курулуп жаткан инженердик-техникалык камсыз кылуу конструкцияларынын жана тармактарынын (имаратты же курулманы куруунун бүткүл процессинин ичинде) ылайыктуулугун баалоо максаты менен жүргүзүлөт.
Курулуш контролу төмөнкүдөй формаларда аткарылат:
1) курдуруучу (заказчы) тарабынан сунуш кылынган долбоордук документти киргизүү контролу;
2) колдонулуучу курулуш материалдарды, буюмдарды, конструкцияларды жана жабдууларды киргизүү контролу;
3) курулуш-монтаждык иштеринин этаптарын аткаруу процессинде жана бүткөрүү боюнча операциялык контролу;
4) аткарылган иштердин ылайыктуулугун баалоо, андан аркы иштерди аткаруу башталгандан кийин контроль үчүн мүмкүн болбой калган алардын натыйжалары, анын ичинде инженердик-техникалык камсыз кылуунун айрым конструкцияларын жана тармактардын участкаларын орто аралыкта кабыл алуу.
3. Долбоордук документти киргизүү контролу менен анын комплекттүүлүгүн, анда иштердин жана конструкциялардын тизмегинин болушу, алардын көрсөткүчтөрү имараттын жана курулманын коопсуздугуна таасир берүүсү текшерилет жана куруу процессинде ылайыктуулугу бааланууга жатат, параметрлердин көрсөтүлгөн тизмеги боюнча контролдонуучу чектелген маанилери болууга, ошол параметрлерди контролдоо жана ченөө усулдары жөнүндө көрсөтмөлөрү болууга тийиш.
4. Колдонулуучу курулуш материалдарды, буюмдарды, конструкцияларды жана жабдууларды киргизүү контролу менен алардын долбоордук жана жумушчу документтердин талаптарына ылайыктуулугун текшеришет.
Ылайык келбегендиги киргизүү контролу менен табылган курулуш материалдар, буюмдар жана конструкциялар, ошондой эле жабдуулар курдуруучу (заказчы), ал эми зарыл болгондо, ошондой эле долбоорлоочу жана аларды колдонуу мүмкүндүгү жөнүндө архитектура-курулуш көзөмөлдөө мамлекеттик органынын өкүлү чечим кабыл алганга чейин жарактуулардан бөлүнөт.
5. Курулушту жүзөгө ашыруучу жак операциялык контролдоо аркылуу долбоордук жана жумушчу документтердин технологиялык операцияларынын аткарылышынын курамына жана ирээттүүлүгүнө ылайыктуулугун текшерет.
Операциялык контролдун натыйжалары документтештирилет.
6. Аткарылган иштердин ылайыктуулугун баалоо, андан аркы иштерди аткаруу башталгандан кийин контролдоо үчүн мүмкүн болбой калган алардын натыйжалары, анын ичинде инженердик-техникалык камсыз кылуунун айрым конструкцияларын жана тармактык участкаларын орто аралыкта кабыл алуу курулушту жүзөгө ашыруучу жак, ошондой эле шаар куруу иши жаатындагы мыйзамдарга ылайык келишимдин негизинде курулушту жүзөгө ашыруучу учурларда курдуруучу (заказчы) тарабынан аткарылат жана документтештирилет.
7. Заказчынын техникалык көзөмөлү курдуруучу (заказчы) же ушул максат үчүн алар тартуучу юридикалык же жеке жак тарабынан аткарылат.
Заказчынын техникалык көзөмөлүнүн предмети курулушту жүзөгө ашыруучу жак тарабынан долбоордук жана жумушчу документтердин талаптарын, колдонулуучу курулуш материалдарды, буюмдарды, конструкцияларды, жабдууларды аларды киргизүү контролунун аткарылышынын жана операциялык контролдун толуктугун, киргизүү натыйжаларынын жана операциялык контролдун тууралыгын, ошондой эле аткарылган иштердин ылайыктуулугун баалоону сактоо болуп эсептелет, анын натыйжалары андан аркы иштерди аткаруу башталгандан кийин контролдоо үчүн жеткиликтүү болбой калат. Заказчынын техникалык көзөмөлдөө өкүлүнүн сын-пикири курулушту жүзөгө ашыруучу жак тарабынан аткаруу үчүн документтештирилет.
8. Автордук көзөмөл бекитилген долбоорлордо (жумушчу долбоорлордо) каралган чечимдер жана көрсөткүчтөр менен курулуш объекттерин эксплуатациялоодо киргизилген технологиялык, архитектура-курулуш жана башка техникалык чечимдердин ылайыктуулугун камсыз кылуу максатында бүткөн курулуш объекттерин эксплуатациялоодо куруу жана кабыл алуу бүткүл мөөнөтүндө, ошондой эле курулуп жаткан имараттардын жана курулмалардын жогорку сапатын камсыз кылуу үчүн долбоорчулардын, курулуш-монтаждоочу уюмдардын жана заказчылардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында жүзөгө ашырылат.
9. Эгерде бул сыноо долбоордук документте каралса, айрым конструкцияларды сыноону курулушту жүзөгө ашыруучу жак уюштурат. Сыноо техникалык регламенттердин, долбоордук жана (же) жумушчу документтердин талаптарына ылайык аткарылат.
Изилдөөнүн натыйжалары жалпысынан техникалык регламенттердин, долбоордук жана жумушчу документтеринин талаптарына монтаждалып курулуп бүтүшүнүн ылайыктуулугун күбөлөндүрүүчү тиешелүү актылар менен таризделет жана курдуруучу (заказчы) эгерде курулуш келишимдин негизинде жана автордук көзөмөлдөө (эгерде ал аткарылып жатса) аткарылган болсо курулушту жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу жактын өкүлү тарабынан кол коюлат.
10. Инженердик-техникалык системанын монтаждоо менен бүткөн сыноону курулушту жүзөгө ашыруучу жак уюштурууну камсыз кылат. Сыноо долбоордук документтин жана ченемдик документтердин ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштарынын талаптарына ылайык аткарылат.
Изилдөөнүн натыйжалары техникалык регламенттердин, долбоордук жана жумушчу документтеринин талаптарына инженердик-техникалык камсыз кылуунун системасынын монтаж менен курулуп бүтүшүнүн ылайыктуулугун күбөлөндүрүүчү жана курулушту жүзөгө ашыруучу жактын өкүлү, инженердик-техникалык камсыз кылуу тармагын эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдардын өкүлдөрү (алар болгондо), автордук көзөмөлдүн өкүлү (эгерде ал аткарылып жатса) тарабынан кол коюлуучу тиешелүү актылар менен таризделет. Курулуш келишимдин негизинде аткарылган учурларда сыноолордо курулушту жүзөгө ашыруучу (подрядчы) жактын ыйгарым укуктуу өкүлү, курдуруучу (заказчы) жана инженердик-техникалык камсыз кылуунун (алар болгондо) тармактарын эксплутациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдар катышат. Техникалык регламенттин, долбоордук жана жумушчу документтеринин талаптарына инженердик-техникалык камсыз кылуунун системасынын монтаж менен курулуп бүтүшүнүн ылайыктуулугун күбөлөндүрүүчү актылар мындай учурда сыноонун бардык катышуучулары тарабынан кол коюлат. Сыноолордун натыйжаларынын негизинде инженердик-техникалык камсыздоонун тармактарын эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдар курулушту жүзөгө ашыруучу жакка аларды тышкы тармактарга кошулууга техникалык шарттарды объекттер инженердик-техникалык камсыз кылуу системасынын ылайыктуулугу жөнүндө корутундуну берет.
11. Курдуруучу (заказчы) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик курулуш көзөмөл органына курулуш аянтында иштин башталышы жөнүндө, ал эми курулуш процессинде - аткарылган курулуш конструкцияларын жана инженердик жабдуу тармактарынын участкаларын ачылган иштерин күбөлөндүрүү жана орто аралыкта кабыл алууну контролдоо мөөнөттөрү жөнүндө билдирет.
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
33-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203301/st-33" title="33-берене - Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>