31-берене. Имараттардын жана курулмалардын коопсуздуктун негизги талаптарына ылайык келүүсүн баалоо
Күчүндө · 02.04.2015 редакциясы
1. Ылайыктуулукту баалоо төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат:
1) имараттын же курулманын долбоорлоо документтеринде белгиленген мүнөздөмөлөрүнүн коопсуздуктун талаптарына ылайык келүүсүн ушул объектти курууну баштоонун алдында күбөлөндүрүү;
2) имараттын же курулманын мүнөздөмөлөрүнүн коопсуздуктун талаптарына ылайык келүүсүн аны куруу убагында күбөлөндүрүү;
3) курулуп бүткөн имараттын же курулманын мүнөздөмөлөрүнүн коопсуздуктун талаптарына ылайык келүүсүн күбөлөндүрүү.
4) эксплуатацияланып жаткан имараттын же курулманын мүнөздөмөлөрүнүн коопсуздуктун талаптарына ылайык келүүсүн имаратты же курулманы андан ары эксплуатациялоо мүмкүндүгүн ырастоо үчүн мезгил-мезгили менен күбөлөндүрүү.
2. Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо жана курууда алардын ылайыктуулугун баалоо төмөнкү формаларда аткарылат:
1) долбоордук документация жана инженердик изилдөөлөр;
2) мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү;
3) курулуш контролу;
4) курдуруучунун (заказчынын) техникалык көзөмөлү;
5) автордук көзөмөл;
6) айрым конструкцияларды, байланыштарды жана инженердик-техникалык системаларды камсыз кылууну сыноо (эгерде бул сыноолор долбоордук документтерде каралса);
7) курулуп бүткөн имараттын же курулманын же алардын бөлүгүнүн долбоордук документтерге ылайык келиши жөнүндө уруксат берүү (жактыруу) же ырастоо.
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203301/st-31" title="31-берене - Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>