5-2-берене. Судьянын негизги укуктары
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138.
1. Судья ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда, анын негизинде кабыл алынган башка мыйзамдарга ылайык төмөндөгүлөргө укуктуу:
башка сотко которулууга (ротацияланууга); соттун төрагалыгына же соттун төрагасынын орун басарлыгына, ошондой эле судьялык өз алдынча башкаруу органдарына жана Судьяларды тандоо кеңешине шайланууга; өзүнүн квалификациясын жогорулатууга; отставкага чыгууга; ушул конституциялык Мыйзамдын 6-беренесинин жоболорун бузуп, өзүнө карата кандай гана болбосун негизсиз коюлган айыптоолорду төгүндөөнү же негизсиздигин таанууну талап кылууга; анын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга мамлекет жана судьялык өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көмөк көрсөтүлүшүнө; ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген кепилдиктердин камсыз кылынышына.
2. Эгерде бул укуктарды ишке ашыруу судьянын бийик статусуна карама-каршы келбесе, ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып өткөндөр судья болуп эсептелген жарандын Кыргыз Республикасынын жарандарына Конституцияда берилген башка укуктарын чектебейт.".
5. 6-берене төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене. Судьялардын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгы
1. Судья жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турган учурга чейин өзүнүн кызмат ордун ээлейт жана өзүнүн ыйгарым укуктарын сактайт.
2. Судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгы деп, бул судьяга карата ушул конституциялык Мыйзамдын 5-1-беренесинде каралган милдеттердин Судьялар кеңеши тарабынан тастыкталган же таанылган бузуу фактыларынын жоктугу түшүнүлөт.".
6. 7-берененин 3-бөлүгүндө:
экинчи жана үчүнчү абзацтар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын күбөлүгү Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан берилет. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасынын, төраганын орун басарынын күбөлүгү Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялар чогулушунун чечиминин негизинде Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан берилет."; бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын: "Жергиликтүү соттун төрагасынын, төраганын орун басарынын күбөлүгү жергиликтүү соттун судьялар чогулушунун чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент) тарабынан берилет. Жергиликтүү соттун судьясынын күбөлүгү Президент тарабынан берилет.".
7. 8-берененин 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин (мындан ары - Судьялар кеңеши)" деген сөздөр алып салынсын.
8. 9-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда "Конституциялык соттун, Жогорку соттун" деген сөздөр "Жогорку сот, Жогорку соттун Конституциялык палатасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 11-берененин 1-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) отставкага чыгуу укугуна.".
10. 12-берененин 1-бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишке ар кандайча кийлигишүүгө тыюу салынат. Судьяга таасир кылууга күнөөлүү адам мыйзамда каралган жоопкерчиликти тартат.".
11. 14-берене төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-берене. Судьянын кол тийбестиги
1. Судья кылмыш жасаган жеринде кармалгандан башка учурларда кол тийбестик укугуна ээ жана кармалууга жана камакка алынууга, тинтилүүгө же жекелей текшерүүгө кабылууга тийиш эмес. Кылмыш жасаганынын шектүүлүгү боюнча кармалган же башка негиз боюнча же болбосо кайсы бир укук коргоо органдарына мажбурлап алынып келинген судья, эгерде кармалган учурда бул судьянын инсандыгы белгилүү болушу мүмкүн болбосо, анын инсандыгы аныкталгандан кийин токтоосуз бошотулууга тийиш.
2. Судья ыйгарым укуктары токтотулгандан, кызматынан бошотулгандан кийин судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып турган мезгилде жасаган укукка каршы жосуну үчүн сот тартибинде салынуучу жазык жана административдик жоопкерчиликке ушул конституциялык Мыйзамда белгиленгенден башкача тартипте тартылышы мүмкүн эмес.
3. Башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максаттарында, мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, судьяны жекелей текшерүүгө жол берилбейт.".
12. 3-главанын аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-глава Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоонун, Жогорку соттун төрагасын жана төрагасынын орун басарларын шайлоонун жана кызматтан бошотуунун тартиби".
13. 15 жана 16-беренелер төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-берене. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларына коюлуучу талаптар, аларды шайлоонун тартиби
1. Жогорку сотко 40тан жаш эмес, 70 жаштан улуу эмес, жогорку юридикалык билими жана юридикалык кесип боюнча он жылдан кем эмес, анын ичинде беш жыл судьялык иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны судья болушу мүмкүн.
Жогорку соттун Конституциялык палатасына 40тан жаш эмес, 70 жаштан улуу эмес, жогорку юридикалык билими жана юридикалык кесип боюнча он беш жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик жана расмий тилдерди билген Кыргыз Республикасынын жараны судья боло алат.
2. Жогорку соттун судьялары, анын ичинде Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары Судьяларды тандоо кеңешинин бир жыныстагы жетимиш пайыздан ашпаган гендерлик өкүлчүлүгүн эсепке алган сунушуна негизделген Конституцияда белгиленген чек жаш курагына чейин Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат.
3. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоо конкурстук негизде Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат.
Жогорку соттун, Конституциялык палатанын судьяларынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс аңгемелешүү жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
4. Судьяларды тандоо кеңеши Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын чек жаш курагына жеткенге чейин алтымыш күндөн кечиктирбестен же Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда кыскартылганга же аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошоткон күндөн тартып жыйырма күндөн кечиктирилбестен Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын бошотулуучу же бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс жарыялайт.
5. Конкурска катышууга арыз талапкер тарабынан Судьяларды тандоо кеңешине кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып он күндүн ичинде берилиши керек.
Арызга төмөндөгүлөр тиркелет:
1) паспорттун көчүрмөсү;
2) жогорку юридикалык билими жөнүндө дипломдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3) талапкердин юридикалык кесип боюнча иш стажы бар экендигин тастыктаган эмгек китепчесинин жана башка документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
4) конкурска катышаардын алдындагы бир жыл ичинде берилген ден-соолугунун абалы жөнүндөгү медициналык корутунду.
Арызга талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн башка документтер (пикирлер, сунуштамалар) тиркелиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын иштеп турган судьялары арыз берүү жолу менен Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызмат ордуна конкурстук тандоого катышууга укуктуу. Конкурска катышууга арыз берген Кыргыз Республикасынын судьяларынын өздүк делолору Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын аппараттары судьяларынын жана жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) аппараттары тарабынан Судьяларды тандоо кеңешине сунушталат.
6. Арыздарды кабыл алуу аяктагандан кийин Судьяларды тандоо кеңеши талапкерлердин өздүк делолорун иликтөөнүн жана алар менен аңгемелешүү өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча он күндүк мөөнөттө Жогорку Соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерлигин Президентке киргизет.
7. Президент Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо үчүн Жогорку Кеңешке талапкер тууралуу сунуштама киргизет.
Сунушталган талапкер боюнча Жогорку Кеңеш сунуштама келип түшкөн күндөн тартып эки жумадан кечиктирбестен чечим кабыл алат.
8. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызмат ордуна сунушталган талапкерлер Жогорку Кеңеште шайланбай калган учурда жаңы конкурстук тандоонун жыйынтыктары боюнча Судьяларды тандоо кеңешинин сунуштамасы менен Президент башканын талапкерлигин киргизет.
Жогорку соттун, Жогорку срттун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо үчүн жаңы талапкерлик боюнча Президенттин сунуштамасын Жогорку Кеңеш сунуштама келип түшкөн күндөн тартып эки жумадан кечиктирилбеген мөөнөттө карайт.
9. Жогорку сотко, Жогорку соттун Конституциялык палатасына төмөндөгүдөй адамдар судья боло алышпайт:
1) соттуулугу, анын ичинде алынган же жоюлган соттолгондугу барлар;
2) кынтыксыз эмес жүрүм-турумуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат ордунан мурда бошотулгандар;
3) укук коргоо органынын кызматкеринин наамын жаманатты кылганына байланыштуу укук коргоо органдарынан бошотулган же "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясынын сегизинчи жана тогузунчу абзацтарында каралган негиздер боюнча адвокаттык ишке иштөө укугунун лицензиясынан ажыратылгандар;
4) чет мамлекеттин жарандыгы барлар.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203285/st-5-2" title="5-2-берене - "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>