16-берене. Жогорку соттун төрагасын жана төраганын орун басарларын
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138.
шайлоонун жана бошотуунун тартиби
1. Жогорку соттун судьялары өздөрүнүн курамынан үч жылдык мөөнөт менен төраганы жана төраганын орун басарларын шайлайт.
Бир эле судья Жогорку сотко катары менен эки мөөнөт төрага, төраганын орун басары болуп шайланышы мүмкүн эмес.
2. Жогорку соттун төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ишке ашырылат.
3. Жогорку соттун Конституциялык палатасына төраганы жана төраганын орун басарларын шайлоо жана бошотуу "Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамда каралган тартипте ишке ашырылат".
14. 4-главанын аталышында "жергиликтүү соттун төрагасын жана төраганын орунбасарын дайындоо" деген сөздөр "жергиликтүү соттун төрагасын жана төраганын орунбасарын шайлоо" деген сөздөргө алмаштырылсын.
15. 17-берене төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-берене. Жергиликтүү судьяларга коюлуучу талаптар
1. Жергиликтүү соттордун судьяларына 30 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес, жогорку юридикалык билими жана юридикалык кесиби боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны боло алат.
2. Жергиликтүү соттун судьясынын кызматын ээлөөгө биринчи жолу талапкерленген жана судьялык иш стаждары жок адамдарга, ошондой эле судьялык иш стаждары бар адамдарга, ошол эле убакта алардын конкурска катышууга арыз бергендиги менен судьялык кызматтан бошотулган же судьялык ыйгарым укугу токтотулган мөөнөттүн ортосундагы тыныгуу он жылдан ашса, анда төмөндөгүдөй кошумча талаптар белгиленет: квалификациялык экзаменди (мындан ары - экзамен) берүүнүн натыйжалары боюнча берилүүчү сертификаттын болушу. Экзамен талапкерлердин күндүзгү же сырттан окуунун жыйынтыктары боюнча тапшырылат. Сертификат үч жыл бою жарактуу. Окутуунун программасы, экзаменди алуу боюнча комиссиянын курамы, ошондой эле аны берүүнүн тартиби Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет.
3. Жергиликтүү сотторго төмөнкүдөй адамдар судья болушу мүмкүн эмес:
1) соттуулугу, анын ичинде соттолгондугу алып салынган же жоюлган;
2) кынтыксыз эмес жүрүм-турумуна байланыштуу мурда Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордунан бошотулган;
3) укук коргоо органынын кызматкеринин наамын жаманатты кылгандыгына байланыштуу укук коргоо органдарынан бошотулган же "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясынын сегизинчи жана тогузунчу абзацтарында каралган негиздер боюнча адвокаттык иш жүргүзүү укугун берген лицензиядан ажыратылгандар;
4) чет мамлекеттин жарандыгы барлар.
4. Судьянын кызмат ордун ээлөө үчүн зарыл болгон юридикалык кесип боюнча иш стажына төмөнкү кызматтардагы иш убактысы эсептелет:
- жогорку юридикалык билими бар Жогорку Кеңештин депутаттарынын;
- Президенттин Аппаратынын юридикалык бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин, Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн;
- Жогорку Кеңештин Аппаратынын юридикалык бөлүмчөлөрүнүн, укук тартиби, адам укуктары, конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укук маселелерин алып барган ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын (юридикалык жогорку билим алган учурдан тартып) консультанттарынын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) Аппаратынын юридика бөлүмчөсүнүн, коргонуу жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн;
- Жогорку соттун аппаратынын кызматкерлеринин;
- Жогорку соттун Конституциялык палатасынын аппаратынын кызматкерлеринин;
- жергиликтүү соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин;
- прокуратура органдарынын кызматкерлеринин;
- юстиция системасынын кызматкерлеринин;
- ички иштер органдарынын юридикалык кызматтарынын, тергөө бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлеринин;
- улуттук коопсуздук кызматынын юридикалык кызматтарынын, тергөө бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлеринин;
- бажы органдарынын жана финансы полиция органдарынын юридикалык кызматтарынын, тергөө бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлеринин;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, ошондой эле аларга караштуу мекемелердин юридикалык кызматтарынын кызматкерлеринин;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комиссияларынын, фонддорунун аппараттарынын юридикалык кызматтарынын кызматкерлеринин;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппараттарынын юридикалык кызматтарынын кызматкерлеринин;
- Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) аппаратынын жогорку юридикалык билими бар кызматкерлеринин;
- менчигинин формасына карабастан юридикалык жактардын юридикалык кызматтарынын кызматкерлеринин;
- Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын;
- Кыргыз Республикасынын нотариустарынын;
- жогорку окуу жайлардын укук маселеси менен иштеген профессорлор-окутуучулар курамынын, окумуштуу катчысынын.".
16. 18-беренеде:
берененин бүткүл тексти боюнча ар кайсы жөндөмөлөрдөгү "Улуттук кеңеш" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Судьяларды тандоо кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын; 4-бөлүктүн биринчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Судьяларды тандоо кеңеши жергиликтүү соттун судьясынын чек жаш курагына жеткенге чейин алтымыш күндөн кечиктирбестен, же жергиликтүү соттун судьяларынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандан же аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошоткон күндөн тартып жыйырма күндөн кечиктирбестен жергиликтүү соттун судьяларынын бошотулуучу же бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс жарыялайт. Конкурс жөнүндө кулактандыруу мамлекеттик басма сөз органдарына, ошондой эле Судьяларды тандоо кеңешинин сайтына жайгаштырылат."; 5-бөлүктөгү "3-5" сандары "4, 5" сандарына алмаштырылсын.
17. 19-беренеде:
берененин бүткүл тексти боюнча ар кайсы жөндөмөлөрдөгү "Улуттук кеңеш" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Судьяларды тандоо кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын; ар кайсы жөндөмөлөрдөгү "Сот департаменти" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын; 1-бөлүктүн 5-пунктундагы расмий тилдеги тексттеги "предусмотренный" деген сөз "предусмотренного" деген сөзгө алмаштырылсын; 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын документтери Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын аппараттары тарабынан түзүлөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берилет."; 4-бөлүктүн экинчи абзацында "Ушул конституциялык Мыйзамдын 20-беренесине ылайык конкурска катышууга эки жылдык чектөө мөөнөтү бар адамдардын документтери" деген сөздөр алып салынсын.
18. 21-беренеде:
берененин бүткүл тексти боюнча ар кайсы жөндөмөлөрдөгү "Улуттук кеңеш" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Судьяларды тандоо кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын; 1-бөлүктө: 2 жана 3-пункттар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "2) конкурска катышууга берген арызы менен судьялык ыйгарым укугу токтотулган мөөнөттүн ортосундагы тыныгуу мөөнөтү он жылдан ашпаган судьялык иш стажы бар адамдар;
3) экзамен берүүнүн натыйжалары боюнча сертификат алгандар.";
2-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Аңгемелешүү кеңеш тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрү тарабынан талапкерлерге Аңгемелешүү жүргүзүү жөнүндө жободо төмөндөгүлөрдү аныктоого мүмкүндүк берүүчү суроолор берилет:
1) интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүн;
2) жеке касиет-сапатын;
3) делону туура түшүнүү жана калыс кароо мүмкүнчүлүгүн;
4) коммуникативдик билими жана аны колдоно билишинин натыйжалуулугу.
Мындан сырткары Кеңештин мүчөлөрү судьянын бош кызмат ордун алууга атаандашкан талапкерге карата төмөндөгүлөр жөнүндө суроого укуктуу:
- кирешелери жөнүндө декларацияны;
- талапкердин жүрүм-турумунун кынтыксыздыгын тастыктоочу башка маалыматтарды.";
3-бөлүктүн экинчи абзацындагы "Улуттук кеңеш" деген сөздөр "мыйзам" деген сөзгө алмаштырылсын; 4-бөлүктө "Сот департаментинде" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
19. 22-беренеде:
1-бөлүктө "Улуттук кеңеш сунуш кылган" деген сөздөр "Судьяларды тандоо кеңеши сунуштаган" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүктүн экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Президент сунушталган талапкер боюнча материалдарды өзүнүн чечимин жүйөлөштүрүп, Судьяларды тандоо кеңешине кайтарууга укуктуу. Эгерде Судьяларды тандоо кеңешине жергиликтүү соттун судьялык кызмат ордуна талапкерди дайындоого тоскоол болуучу жагдайларды белгилебесе, анда Судьяларды тандоо кеңеши ушул эле талапкер боюнча Президентке кайра сунуш киргизет, ал он жумушчу күн аралыгында милдеттүү дайындалууга тийиш. Президент тарабынан баяндалган жагдайлар менен Судьяларды тандоо кеңеши макул болгон учурда Судьяларды тандоо кеңеши жаңы конкурс жарыялайт.".
20. 23-25-беренелер төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-берене. Жергиликтүү соттун судьяларын которуунун (ротациялоонун) негиздери жана тартиби
1. Жергиликтүү соттун судьялары бир жергиликтүү соттон башка жергиликтүү сотко төмөнкүдөй негиздер боюнча которулушу мүмкүн:
1) өз каалоосу боюнча;
2) сот кайра уюшулган, түзүмү жана судьялардын штаттык саны өзгөргөн учурда;
3) судьядан жана мамлекеттен көз каранды болбогон жагдайлар боюнча судьяларды мамлекеттик коргоо максаттарында;
4) башка жергиликтүү соттун бош судьялык кызмат ордуна конкурстук жол менен тандап алууга жергиликтүү соттун судьясы катышкан жана Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан талапкерлиги Президентке киргизилген учурда.
2. Судьяларды которуу (ротациялоо) судьялардан арыздар түшкөнүнө жараша Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган негиз боюнча жүзөгө ашырылат. Судьялардын арыздары Судьяларды тандоо кеңешинин наамына ыйгарым укуктуу органга берилет.
Судьяларды тандоо кеңеши которуу (ротациялоо) жөнүндөгү судьялардын арыздарын карап чыгып, аларды канааттандырат жана которуу (ротациялоо) жөнүндө судьянын бирдиктүү макулдугу болгондо гана которуу (ротациялоо) жөнүндө Президентке сунуш киргизет. Бир жердеги жергиликтүү соттон башка жердеги жергиликтүү сотко которулган судьялар акыркы которулган (ротация болгон) күндөн тартып беш жылдан эрте эмес учурда которуу (ротациялоо) тууралуу арыз менен кайра кайрылууга укуктуу.
3. Жергиликтүү сот кайра уюштурулган, анын судьяларынын штаттык бирдиктерин башка жергиликтүү сотторго берүү менен түзүмү өзгөрүлгөн учурда штаттык кызмат орундары берилген сотко которулушуна (ротация болушуна) байланыштуу жоюлган соттордун же болбосо түзүмү өзгөрүлгөн соттордун судьяларынын пикири угулат. Судьяларды которуу (ротациялоо) боюнча Судьяларды тандоо кеңешинин чечими судьялардын жаңы жердеги ишинин бардык жагдайларын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен кабыл алынат.
4. Которуу (ротациялоо) маселелерин Судьяларды тандоо кеңеши судьялардан жана мамлекеттен көз каранды болбогон жагдайлардан судьяларды мамлекеттик коргоо максаттарында кийинкиге калтырбастан карайт. Укук коргоо органдарынын тиешелүү материалдары менен ырасталган тиешелүү жергиликтүү соттун төрагасынын кайрылуусу же судьянын кайрылуусу ушул маселени кароо үчүн негиз болуп саналат. Судьяларды мамлекеттик коргоого алуу максатында которуу (ротациялоо) боюнча Судьяларды тандоо кеңешинин чечими судьяга каршы коркунучтун бар экенин негиздеген бардык жагдайларды иликтегенден жана аныктагандан кийин кабыл алынат.
5. Жергиликтүү соттун судьясын которуу (ротациялоо) анын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө карай жүзөгө ашырылат.
6. Судьяларды которуу (ротациялоо) чечими Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан кабыл алынат жана тиешелүү Жарлык чыгаруу үчүн Президентке жиберилет. Чечим Президентке келген күндөн тартып он күн ичинде Жарлыкка кол коюлат.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 37 · Күчүн жоготкон
- Адвокаттык иш жөнүндөЗакон · 21.10.1999 · № 114 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203285/st-16" title="16-берене - "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>