Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 605-берене) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-берене төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене. Судьялар - сот бийлигин алып жүрүүчүлөр
1. Кыргыз Республикасында сот бийлиги судьялардын атынан чыгуучу төмөндөгү сотторго гана таандык:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна (мындан ары - Жогорку сот); Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Жогорку соттун Конституциялык палатасы); Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна (мындан ары - жергиликтүү соттор); мыйзам менен түзүлгөн адистешкен сотторго.
2. Судьялар деп Конституцияда жана ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте сот адилеттигин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу жана өзүнүн милдеттерин кесипкөй негизде аткарган адамдар саналат.
3. Сотко же судьяларга урмат көрсөтпөө мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.".
2. 4-берене төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене. Судьянын статусу
1. Судьянын статусу анын ээсинин инсандыгына, квалификациясына жана жүрүм-турумуна бийик стандарттарды коюу менен аны алууга жана токтотууга жогорулатылган талаптар, судьялык ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, бийик статуска шайкеш келүүчү материалдык жана социалдык камсыз кылуу жана башка кепилдиктер менен аныкталат.
2. Адамда судьянын статусу тиешелүү соттун судьялык кызматына кирген күндөн тартып келип чыгат жана судьялык кызматтан бошотуу жөнүндө акт чыгарылган күндөн жана ушул конституциялык Мыйзамга ылайык судьянын ыйгарым укуктары токтогондон тартып токтотулат. Судья ант берген учурдан тартып кызмат ордуна кирди деп эсептелет.
3. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары бирдиктүү статуска эгедер жана өз ара тиешелүү сотторду уюштуруу жана процесстик иш жөнүндө мыйзамдар аркылуу аныкталган ыйгарым укуктар менен гана айырмаланышат.
4. Судьяларга ээлеген кызматына, судьялык кызматтагы иш стажына жана мыйзамда каралган башка жагдайларга жараша квалификациялык класстар ыйгарылат.
5. Ээлеген кызматына жараша эмгек акысынын өлчөмүндөгү, ошондой эле отставкага чыккан же статусу токтотулган учурда чыгуу жөлөкпулдарынын өлчөмүндөгү айырмачылыктарды белгилөө жана ээлеген кызматына, иш стажына жана башка жагдайларына жараша ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген жана башка айырмачылыктар статусу өзгөрүлдү дегенди билдирбейт.".
3. 5-беренеде:
2-бөлүктө "Конституциялык соттун, Жогорку соттун" деген сөздөр "Жогорку сот, Жогорку соттун Конституциялык палатасы" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Бир жергиликтүү соттон башкасына которулган жергиликтүү соттун судьясы ант берүүгө алып келинбейт.".
4. 1-глава төмөндөгүдөй мазмундагы 5-1 жана 5-2-беренелер менен толукталсын:
"5-1-берене. Статусуна ылайык судьяга коюлуучу талаптар
1. Судья төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) Конституцияны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кыйшаюусуз сактоого, судьянын антын актоого;
2) Кыргыз Республикасынын судьяларынын Ар-намыс кодексинин талаптарын, ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын мыйзамда белгиленген этикасын сактоого жана судьянын кадыр-баркын жана беделин жаманатты кыла турган бардык нерселерден качууга;
3) сот адилеттигин орундоо боюнча ишке мыйзамсыз кийлигишүү аракеттерине каршы турууга;
4) судьялардын кеңешмесинин сырын сактоого;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз мүлкүн жана кирешелерин жарыя кылууга;
6) тиешелүү сотто белгиленген эмгек тартибинин эрежесин сактоого.
2. Судья төмөнкүлөргө укуксуз:
1) сотто жана башка мамлекеттик органдарда жеке же юридикалык жактардын иштери боюнча (мыйзамдуу өкүлчүлүктөн тышкаркы учурда) ишенимдүү адамы же өкүлү болууга;
2) ушул маселе боюнча сот акты мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин кароонун заты болуп эсептелген маселе боюнча ачык-айкын сүйлөп чыгууга жол берүүгө;
3) судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга байланышпаган максаттарда, мыйзамда жетимдүүлүгү чектелген маалыматтарга киргизилген маалыматтарды же ага судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга байланыштуу белгилүү болуп калган кызматтык маалыматтарды жарыя кылууга же пайдаланууга;
4) протоколдук жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди пайдаланууга. Мындай белектер мамлекеттик менчик катары таанылат да, судья тарабынан мыйзамдарда каралгандан тышкаркы учурларда соттун актысы боюнча өзү судьялык кызматты ээлеген сотко өткөрүп берилет. Протоколдук жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белекти өткөрүп берген судья Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте аны сатып ала алат;
5) Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин (мындан ары - Судьялар кеңеши) уруксатысыз чет мамлекеттердин, саясий партиялардын, башка коомдук бирикмелердин жана башка уюмдардын ардак жана атайын (илимий жана спорттук наамдардан тышкары) наамдарын, сыйлыктарын жана башка айырмалоо белгилерин алууга;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине же Жогорку Соттун, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чет мамлекеттердин тиешелүү сотторунун эл аралык жана чет өлкө уюмдары менен өз ара негизде макулдашууларына ылайык ишке ашырылуучу кызматтык иш сапарларынан тышкары жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынан тышкары жактарга кызматтык иш сапарларга чыгууга;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде же Жогорку Соттун, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чет мамлекеттердин тиешелүү соттору, эл аралык жана чет өлкө уюмдары менен өз ара негизде, эгерде макулдашууларда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чет өлкөлүк коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башкаруу органдарынын, камкордук же көзөмөлдүк кылуучу кеңештеринин органдарынын курамына кирүүгө;
8) иш таштоолорго жана митингдерге катышууга;
9) ишкердикти жүзөгө ашырууга, ошондой эле судьялык кызматты депутаттык иш же мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин, төмөнкүлөрдөн тышкары, башка акы төлөнүүчү иштер менен катар алып жүрүүгө:
- судьялык милдеттерин аткарууда жолтоо болбогондой деңгээлде окутуучулук, илимий жана чыгармачылык иштерден;
- соттук өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандап алуу кеңешинин (мындан ары - Судьяларды тандоо кеңеши) иштерине катышуудан.
3. Судьялар партияда тура албайт, кандайдыр бир саясий партияларды колдоп же аларга каршы чыга албайт.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 138
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203285/st-1" title="1-берене - "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>