Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
32-2-берене. Экинчи инстанциядагы соттун төрагасын, төраганын орун
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134.
басарларын шайлоонун жана бошотуунун тартиби
1. Экинчи инстанциядагы соттун судьялары өз курамынын ичинен төраганы, төраганын орун басарларын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.
Бир эле судья ошол эле сотто соттун төрагасы, төраганын орун басары болуп эки мөөнөткө катары менен шайлана албайт.
2. Экинчи инстанциядагы соттун төрагасын, төраганын орун басарларын шайлоо, бошотуу же ыйгарым укуктарын токтотуу тиешелүүлүгүнө жараша, ушул Мыйзамдын 19-1 жана 19-2-беренелеринде белгиленген эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.".
32. III бөлүмдүн 2-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-глава Биринчи инстанциядагы соттор".
33. 33-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
34. 34-статьянын аталышында жана андан ары мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кыл сандык жана жөндөмөлүк тариздердеги "райондук сот" деген сөздөр тиешелүү сандардагы жана жөндөмөлөрдөгү "биринчи инстанциядагы сот" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
35. 35-статьяда:
1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын; 2 жана 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Биринчи инстанциядагы сот:
1) жарандык, кылмыш-жазык, экономикалык, административдик иштерди, административдик укук бузуулар тууралуу иштерди, ошондой эле башка иштерди жана материалдарды карайт;
2) ушул сот тарабынан кабыл алынган, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра карайт (карайт);
3) мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын аткартат;
4) иш кагаздарын жана сот статистикасын жүргүзөт, соттук иш тажрыйбаны иликтейт жана жалпылайт, иштердин кыймылын жана алардын сотто каралыш мөөнөттөрүнүн эсебин жүргүзөт, соттук материалдардын сакталышын камсыз кылат;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
3. Биринчи инстанциядагы соттордун судьялары иштерди жеке өздөрү карашат, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурларда жана тартипте сот адилеттигин аткарууга Кыргыз Республикасынын жарандары да катышууга укуктуу.".
36. 36-статьяда:
1-пунктта:
- 2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, иштерди жана соттук материалдарды өз алдынча бөлүштүрөт;";
- 4-пунктчанын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) соттун аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине төмөнкү сунуштарды киргизет:"; 2 жана 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
2. Соттун төрагасы болбогондо төраганын милдеттерин аткаруу анын тапшыруусу боюнча ушул эле соттун башка судьясына жүктөлөт, ал эми андай тапшырма берүү мүмкүн болбогондо, соттун төрагасынын ыйгарым укуктарын судьялардын бирине жүктөө жөнүндө чечимди судьялардын чогулушу кабыл алат.
3. Эки судьядан турган биринчи инстанциядагы сотто төраганын милдеттерин аткаруу ал болбогон бардык учурларда берки судьяга жүктөлөт.";
4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
37. III бөлүмдүн 2-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 36-1 жана 36-2-беренелер менен толукталсын:
"36-1-берене. Биринчи инстанциядагы соттун судьясы Биринчи инстанциядагы соттун судьясы:
1) соттук иштерди жана материалдарды карайт;
2) соттун төрагасынын тапшыруусу же судьялар чогулушунун чечими боюнча, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган учурларда төраганын милдеттерин аткарат;
3) соттук иш тажрыйбаны иликтейт жана жалпылайт, сот статистикасын талдайт;
4) сот өндүрүшүндө турган иштерге жана материалдарга карата арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203283/st-32-2" title="32-2-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>