Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
24-3-берене. Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультативдик кеңеш
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134.
Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультативдик кеңеш - соттук иш тажрыйба маселелери боюнча илимий негизделген сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн кеңеш берүүчү орган.".
23. 25-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-берене. Жергиликтүү соттордун тутуму
1. Жергиликтүү соттордун тутумун төмөнкүлөр түзөт:
1) биринчи инстанциядагы соттор (райондук соттор, шаардагы райондук соттор, шаардык соттор, райондор аралык соттор, гарнизондордун аскер соттору);
2) экинчи инстанциядагы соттор (облустук соттор, Бишкек шаардык соту, Кыргыз Республикасынын Аскердик соту).
2. Жергиликтүү сотторду түзүү, кайра түзүү жана жоюу, жергиликтүү соттордун судьяларынын санын өзгөртүү мыйзам менен гана жүзөгө ашырылат. Жергиликтүү сотторду жоюуда, алардын карамагына берилген сот адилеттигин жүзөгө ашыруу маселелери башка соттордун юрисдикциясына берилет. Жоюлган соттордун судьяларынын штаттык бирдиктери башка сотторго берилет, ал эми судьялар аларга ротациялоо тартибинде которулат.
3. Жергиликтүү соттордун судьяларынын санын өзгөртүүгө Судьялар кеңешинин сунушу боюнча гана жол берилет.".
24. III бөлүмдүн 1-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-глава Экинчи инстанциядагы соттор".
25. 26-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
26. 27-статьянын аталышында жана андан ары мыйзамдын тексти боюнча ар кыл сандык жана жөндөмөлүк тариздердеги "областтык сот" деген сөздөр тиешелүү сандардагы жана жөндөмөлөрдөгү "экинчи инстанциядагы сот" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
27. 28-статьяда:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1) апелляциялык тартипте, биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кире элек сот актыларын кайра кароону жүзөгө ашырат;"; статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пунктча менен толукталсын: "1-1) кассациялык тартипте, биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра кароону жүзөгө ашырат;"; 2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2) процесстик мыйзамдарда каралган учурларда, өзү кабыл алган соттук актыларын жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра карайт;"; 3-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын; 4-пунктчада "иштердин сакталышын" деген сөздөр "соттук материалдардын сакталышын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
28. 30-статьяда:
3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Соттук коллегиялардын жекече курамы, адистешүүнү эске алуу менен, экинчи инстанциядагы соттун судьяларынын чогулушунда шайланат."; 7-пунктта:
- 1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) апелляциялык инстанциядагы сот катары биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кире элек сот актыларын кайра кароону;";
- 2-пунктчада "райондук жана ага теңештирилген соттордун" деген сөздөр "биринчи инстанциядагы соттордун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
29. 31-статьяда:
2 жана 3-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2) зарыл болгондо соттук коллегиялардын соттук жыйналыштарына төрагалык кылат;
3) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, өз алдынча соттук курамдарды түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт;";
4-пунктчанын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4) соттун аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине төмөнкү сунуштарды берет:"; статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-пунктча менен толукталсын: "9-1) ишти биринчи инстанциядагы сотто кароо мүмкүн болбогон учурда, ишти ошол эле деңгээлдеги башка сотко берет;".
30. 32-статьяда:
1-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, соттун төрагасынын тапшырмасы боюнча соттук курамдарды түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт;"; 2-пункт ", ал эми мындай тапшырманы берүүгө мүмкүн болбогон учурда, соттун төрагасынын ыйгарым укуктарын төраганын орун басарларынын бирине жүктөө жөнүндө чечимди соттун судьяларынын чогулушу кабыл алат" деген сөздөр менен толукталсын.
31. III бөлүмдүн 1-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 32-1 жана 32-2-беренелер менен толукталсын:
"32-1-берене. Экинчи инстанциядагы соттун судьясы
Экинчи инстанциядагы соттун судьясы:
1) соттук коллегиялардын соттук курамдарынын соттук жыйналыштарына катышат;
2) соттун төрагасынын же анын орун басарларынын тапшыруусу боюнча соттук иштерди жана материалдарды баяндайт, аларды кароонун натыйжалары боюнча соттук актыларды даярдайт;
3) соттук иш тажрыйбаны изилдейт жана жалпылайт, сот статистикасын талдайт;
4) соттун төрагасынын же анын орун басарларынын тапшыруусу боюнча соттук жыйналыштарда төрагалык кылат;
5) сот өндүрүшүндө турган иштерге жана материалдарга карата арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203283/st-24-3" title="24-3-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>