19-2-берене. Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134.
ээлеген кызмат орундарынан бошотуу үчүн негиздер жана алардын ыйгарым укуктарын токтотуу
1. Жогорку соттун төрагасы, төраганын орун басарлары өз кызмат орундарынан өз каалоолору боюнча бошотулат.
2. Жогорку соттун төрагасынын, төраганын орун басарларынын ыйгарым укуктары, алар шайланган мөөнөт аяктаган учурда, кызмат орундарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулганда, Жогорку соттун судьясы катары ыйгарым укуктары токтотулганда токтотулат.
3. Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын шайлоо, бошотуу же алардын ыйгарым укуктарын токтотуу судьялар чогулушунун чечими менен жол-жоболонот.
4. Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын кызмат орундарынан бошотуу же алардын ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер толук жетиштүү болуп саналат.".
16. 20-статьяда:
1-пунктча ", төраганын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт" деген сөздөр менен толукталсын; 2-пунктча "кыла алат" деген сөздөр "кылууга укуктуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, өз алдынча соттук курамдарды түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт;"; 4-пунктча "соттук тажрыйбаны жалпылоо үчүн" деген сөздөр менен толукталсын; 9-пунктчада ", анын штаттык санын, түзүмүн жана чыгашалардын сметасын бекитет" деген сөздөр алып салынсын; 10-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "10) Жогорку соттун судьялар чогулушунун макулдугу менен Жогорку соттун аппарат жетекчисин кызмат ордуна дайындайт;"; статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пунктча менен толукталсын: "10-1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Жогорку соттун аппарат жетекчисин кызмат ордунан бошотот;"; статья төмөнкүдөй мазмундагы 13-1 - 13-5-пунктчалар менен толукталсын: "13-1) материалдарды Жогорку соттун пленумунун кароосуна киргизет; 13-2) Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультативдик кеңештин курамын бекитүү үчүн Жогорку соттун пленумуна сунуштайт; 13-3) Судьялар кеңешинин макулдугу менен, Жогорку соттун алдындагы жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жетекчисин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси анын жылдык отчетун кароонун жыйынтыктары боюнча, Судьялар кеңешинин сунуштамасы боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн; 13-4) Судьялар кеңешинин макулдугу менен, Жогорку соттун алдындагы судьялардын Окуу борборунун (мындан ары - Окуу борбору) жетекчисин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот. Окуу борборунун жетекчиси анын жылдык отчетун кароонун жыйынтыктары боюнча, Судьялар кеңешинин сунуштамасы боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн; 13-5) ишти экинчи инстанциядагы сотто кароо мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, ишти ошол эле деңгээлдеги башка сотко берет;".
17. 20-1-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
18. 21-статьяда:
статьянын аталышында жана биринчи абзацта "(коллегиянын төрагасы)" деген сөздөр алып салынсын; 2-4-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, Жогорку соттун төрагасынын тапшырмасы боюнча соттук курамдарды түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт;
3) Жогорку соттун төрагасы болбогон учурда, судьялар чогулушунун чечими боюнча Жогорку соттун төрагасынын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырат;
4) милдеттердин бөлүштүрүлгөнүнө ылайык, соттук коллегиялардын жумушун уюштурат, ошондой эле Жогорку соттун аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн ишин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;".
19. 22-статьяда:
2-пунктча "сот иштеринде" деген сөздөрдөн кийин "жана материалдарында" деген сөз менен толукталсын; 3-пунктча ", соттук статистиканы талдайт" деген сөздөр менен толукталсын; 5-пунктчада "жарандарды кабыл алат," деген сөздөр алып салынсын.
20. 23-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
21. 24-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24-берене. Жогорку соттун бюллетени
Жогорку соттун пленумунун жыйналыштары жөнүндө маалыматтар, анын соттук иш тажрыйба маселелери боюнча чечмелөөлөрү менен токтомдору, соттук коллегиялардын чечимдери, соттук иш тажрыйба баяндамалары, соттук статистиканын талдоолору жана башка материалдар жарыяланган "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Бюллетени" Жогорку соттун расмий басылмасы болуп саналат.".
22. II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 24-1 - 24-3-беренелер менен толукталсын:
"24-1-берене. Ыйгарым укуктуу орган
1. Жогорку соттун алдында жергиликтүү соттордун ишин уюштуруучулук, материалдык-техникалык жана башка жактан камсыздоону камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу орган иштейт.
2. Ыйгарым укуктуу органды түзүү жана ишин уюштуруу Жогорку соттун төрагасы тарабынан бекитилүүчү жободо аныкталат.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203283/st-19-2" title="19-2-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>