Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьяда:
1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Сот адилеттиги Кыргыз Республикасында сот тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте, Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин жүргүзүүгө катышууга укуктуу.
2. Сот адилеттиги Кыргыз Республикасынын атынан жүзөгө ашырышат жана адамдын укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле жарандардын жана юридикалык жактардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин аткарылышын камсыз кылууга багытталган.";
3-пунктта "конституциялык" деген сөз алып салынсын.
2. 2-статьянын 1-пункту "Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотун" деген сөздөрдөн кийин "(мындан ары - Жогорку сот)" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
ар кыл жөндөмө тариздериндеги "Жогорку сот" деген сөздөрдүн алдындагы "Кыргыз Республикасы" деген сөздөр алып салынсын; ар кыл жөндөмө тариздериндеги "Жогорку соттун Төрагасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Жогорку соттун төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4. 3-статьянын 2-пунктунда:
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3) соттордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерин колдонушу менен;"; 4-пунктчада "биримдүүлүгүн" деген сөз "бирдиктүүлүгүн" деген сөз менен алмаштырылсын.
5. 4-статьянын 1-пунктунда "ушул Мыйзамга," деген сөздөр алып салынсын.
6. 8-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
7. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-берене. Сот актыларынын милдеттүүлүгү
1. Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары, ошондой эле соттордун мыйзамдуу тескемелери, талаптары, тапшырмалары, чакырыктары жана башка кайрылуулары, алаланбастан бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, жарандардын бирикмелери жана башка уюмдар, жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында сөзсүз аткарылууга жатат.
2. Сот актысын аткарбай коюу, талаптагыдай эмес аткаруу же сот актыларын аткарууга тоскоолдук кылуу, ошондой эле соттордун ишине кийлигишүү мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке кириптер кылат.
3. Башка мамлекеттердин, эл аралык соттордун жана арбитраждардын сот актылары Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык аткарылышы керек.".
8. 10-статьяда:
статьянын аталышында "Конституциялык Сотуна" деген сөздөр "Жогорку соттун Конституциялык палатасына" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын; 2-пунктта "Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотуна суроо-талап жөнөтөт" деген сөздөр ", судья Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) суроо-талап жөнөтөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-берене. Жогорку сот
1. Жогорку сот жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча жогорку сот органы болуп саналат.
Жогорку соттун курамында Конституциялык палата иштейт. Конституциялык палатанын судьялары Жогорку соттун пленумуна кирбейт.
2. Конституциялык палатанын ыйгарым укуктары, курамы жана аны түзүүнүн, Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун басарларын шайлоонун жана бошотуунун тартиби, ошондой эле конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруунун тартиби конституциялык мыйзамда аныкталат.".
10. 13-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-берене. Жогорку соттун курамы жана түзүмү
1. Жогорку сот Жогорку соттун төрагасынан, төраганын 3 орун басарынан жана 31 судьядан турат.
Төраганын орун басарлары соттук коллегиялардын төрагалары болуп саналат. Жогорку соттун судьяларынын санын өзгөртүүгө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин (мындан ары - Судьялар кеңеши) сунушу боюнча гана жол берилет.
2. Жогорку сотто төмөнкүдөй түзүмдөр иштейт:
- пленум;
- жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегия;
- жарандык иштер боюнча соттук коллегия;
- административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегия.
3. Соттук коллегияларда соттук иштерди карап чыгуу үчүн 3 судьядан турган соттук курамдар түзүлөт.".
11. 14-статьяда:
1-пунктта "(кароо)" деген сөз алып салынсын; 2-пунктта: пункт төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пунктча менен толукталсын: "1-1) жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча сот иштерин кайра карайт;"; 3-пунктча "Конституциялык палатанын карамагына берилген ыйгарым укуктарды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
12. 15-статьяда:
2-пунктта: 3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3) адистешүүнү эске алуу менен, соттук коллегиялардын жекече курамын шайлайт;"; 4-пунктчада "жашыруун добуш берүү жолу менен" деген сөздөр ", ошондой эле ал жөнүндө жобону бекитет" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 5-пунктчада "жашыруун добуш берүү жолу менен" деген сөздөр "Жогорку соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын; пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын: "11) судьяларга илимий негизделген жүк ченемдерин бекитет."; 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "7. Жогорку соттун пленумунун жыйналыштарына Конституциялык палатанын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана Кыргыз Республикасынын юстиция министри катышууга укуктуу."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын: "8. Жогорку соттун төрагасы Жогорку соттун пленумунун жыйналышына жергиликтүү соттордун судьяларын, Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультациялык кеңештин мүчөлөрүн жана башка адамдарды чакыра алат.".
13. 17-статьяда:
1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Соттук коллегиялардын жекече курамы Жогорку соттун судьяларынын ичинен, Жогорку соттун пленуму тарабынан шайланат.
2. Жогорку соттун соттук коллегияларын соттук коллегиялардын төрагалары - Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары башкарат.".
4-пунктта:
- 1-пунктчада мамлекеттик тилдеги редакциясында "каралган учурларда жана тартипте областтык жана ага теңештирилген соттордун" жана "сот актыларын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "каралган учурларда жана тартипте" жана "сот актыларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) процесстик мыйзамдарда каралган учурларда, жаңы ачылган жагдайлар боюнча өздөрү кабыл алган сот актыларын кайра кароону.".
14. 19-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Судьяларга карата чыгарылган жеке аныктама, ошондой эле Судьялар кеңешине жиберилет, ал судьяларды дисциплинардык жоопкерчиликке тартуунун тартибине ылайык дисциплинардык өндүрүштү козгоого же козгоодон баш тартууга укуктуу.".
15. II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 19-1 жана 19-2-беренелер менен толукталсын:
"19-1-берене. Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын шайлоонун тартиби
1. Жогорку соттун төрагасы, төраганын орун басарлары өз курамынан, Жогорку соттун судьяларынын чогулушу тарабынан 3 жылдык мөөнөткө шайланат.
Бир эле адам Жогорку соттун төрагасы, төраганын орун басары болуп эки мөөнөткө катары менен шайлана албайт.
2. Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын шайлоо боюнча судьялар чогулушу Жогорку соттун судьяларынын жалпы курамынын үчтөн экиден кем эмеси болгондо ыйгарым укуктуу болуп эсептелет.
Жогорку соттун судьясы добуш берүүдө калыс калууга укуксуз.
3. Судьялардын чогулушуна катышкандардын санынын көпчүлүгү добуш берген судья тиешелүү кызмат ордуна шайланган болуп эсептелет.
Добуш берүүнүн тартиби Жогорку соттун регламентинде аныкталат.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 134
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203283/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>