41-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133.
1. Конституциялык палата иш боюнча өндүрүштү төмөнкүдөй учурларда токтотот:
1) арыз берүүчү өз талаптарынан баш тартканда, маңызы боюнча Конституциялык палатанын чечими кабыл алынганга чейин тарап маселени өз ыктыяры менен алып салганда;
2) эгерде ишти даярдоонун же кароонун процессинде ал Конституциялык палатанын кароосуна таандык эмес экендиги аныкталса. Мында иш кароосуна таандык болгон орган милдеттүү түрдө көрсөтүлөт;
3) эгерде конституциялуулугу талашылып жаткан акт ишти даярдоо же кароо процессинде жокко чыгарылса же ал күчүн жоготсо, ушул актынын иш аракети менен жеке жана юридикалык жактардын конституциялык укуктары жана эркиндиктери бузулгандан тышкары учурларда;
4) иш боюнча тараптардын бири болуп саналган жеке жак каза болгондо;
5) эгерде иш боюнча тарап катары чыккан юридикалык жак укук мураскорун аныктабастан жоюлганда.
2. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө маселени чечүү Конституциялык палата тарабынан сот жыйналышына катышкан судьялардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Конституциялык палатанын иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктамасы тараптарды Конституциялык палатага ошол эле талап жана ошол эле негиздер боюнча кайтадан кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
41-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2014-жылдын 15-январындагы № 2-р "жаран Ринат Изтаевич Етекбаевдин кайрылуусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун…Решение · 15.01.2014 · № 02-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 29-октябрындагы N 52-р "жарандар Нурбек Нурканович Сабировдун, Магомедгаджи Магомедзагирович Саадуевдин жана Айнур…Решение · 29.10.2014 · № 52-р
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2014-жылдын 29-декабрындагы № 63-р "Жаран Адилет Талантбекович Азимовдун кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза…Решение · 29.12.2014 · № № 63-р
- КР Жогорку сотунун конституциялыкпалатасынын 2015-жылдын 2-сентябрындагы №10-р "жаран Немат Максутович Катагановдун кайрылуусу боюнча «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу…Решение · 15.04.2015 · № 6-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 7-Р "жаран Нурбек Акбарович Токтакуновдун жана "WINLINE" ("Винлайн") жоопкерчилиги чектелген коомдун…Решение · 22.04.2015 · № 7-р
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2014-жылдын 19-декабрындагы N 60-р "жаран Курманбек Белекович Иманалиевдин жана Юлия Алексеевна Богданованын жаран Куручбек Уялович…Решение · 19.12.2014 · № № 60-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 5-октябрындагы № 13-р ""Палладекс КР" жоопкерчилиги чектелген коомунун жана "Текстоник" жабык акционердик коомунун…Решение · 05.10.2015 · № 13-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 27-ноябрындагы N 15-р "жарандар Айнур Мусаевна Осмоналиеванын, Бектур Камильевич Осмонбаевдин жана…Решение · 27.11.2015 · № 15-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 18-февралындагы, № 2-р "жаран Данияр Асанович Сарбагишевдын кайрылуусунун негизинде 2013-жылдын 3-августундагы № 182…Решение · 18.02.2015 · № 02-р
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203281/st-41" title="41-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>