42-берене. Иштерди кароонун тартиби
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133.
1. Конституциялык палатада иштерди кароо жыйналыштарда Конституциялык палатанын төрагасынын төрагалыгында жүргүзүлөт, ал эми ал жок учурда, төрагалык кылуу ушул конституциялык Мыйзамдын 7 жана 9-беренелеринин эрежелери боюнча аныкталат.
2. Ишти маңызы боюнча кароону баштаганга чейин төрагалык кылуучу:
1) Конституциялык палатанын жыйналышын ачат жана карала турган ишти жарыялайт;
2) Конституциялык палатанын курамын жарыялайт;
3) сот жыйналышынын катчысына жыйналышка чакырылган катышуучулардын, күбөлөрдүн, эксперттердин, зарыл болгон учурда котормочунун бар экендиги жана келбей калгандардын себептери жөнүндө баяндама жасоо үчүн сөз берет. Тарап ишти анын катышуусу менен кароону өтүнгөн жана өзүнүн келбегендиги тууралуу жүйөлүү себепти келтиргенден тышкары учурларда, тараптын же анын өкүлүнүн Конституциялык палатанын жыйналышына келбегендиги ишти кароого кедерги болбойт;
4) тараптардын ыйгарым укуктарын текшерет;
5) тараптарга алардын укуктарын жана милдеттерин, ал эми чакырылган жактарга - алардын милдеттерин жана жоопкерчиликтерин түшүндүрөт;
6) жыйналыштын катышуучуларынан аларга кошумча күбөлөрдү, эксперттерди чакыртуу жөнүндө, кошумча далилдерди талап кылуу тууралуу, жыйналыштын жүрүшүндө келип чыккан башка маселелер боюнча өтүнүч бар же жок экендигин сурайт, аларды соттун чечүүсүнө коет;
7) сот залынан күбөлөрдү, эксперттерди чыгарат;
8) иштин маңызы боюнча кароонун башталгандыгы жөнүндө жарыялайт.
3. Ар бир ишти кароодо:
1) судья-баяндамачынын сөзү угулат, ал иштин маңызын, аны кароонун жүйөөлөрүн жана негиздерин, болгон материалдардын мазмунун баяндайт жана Конституциялык палатанын судьяларында келип чыккан суроолорго жооп берет;
2) ар бир тараптын түшүндүрмөлөрү угулат;
3) тараптарга бири-бирине жана процесстин башка катышуучуларына суроо берүү мүмкүнчүлүгү берилет, андан кийин Конституциялык палатанын судьялары суроо берет. Соттук жыйналыштын жүрүшүндө коюлган маселелердин жол берилүүчүлүгү Конституциялык палата тарабынан чечилет;
4) күбөлөрдүн, эксперттердин көрсөтүүлөрүн угуудан мурда төрагалык кылуучусу алардын ким экендигин аныктайт жана көрсөтүү берүүдөн баш тарткандыгы жана атайылап жалган көрсөтүү же корутунду бергендиги үчүн мыйзамдарда жазык жоопкерчилиги каралгандыгы жөнүндө аларды жазуу жүзүндө эскертет, котормочу атайылап жалган которгондугу үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилет;
5) соттук жыйналышта сотко берилген документтер жарыяланышы же көрүү үчүн таратылышы мүмкүн. Түп нускасы күмөн саноого алып келген документтер жарыяланууга жана көрүп-билүүгө жатпайт. Конституциялык палатанын чечими боюнча изилденген документтердин түп нускасы же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү иштин материалдарына тиркелүүгө жатат;
6) иштин материалдарын иликтөө аяктагандан кийин Конституциялык палата тараптардын корутунду сөздөрүн угат, төрагалык кылуучу иш боюнча териштирүү аяктагандыгы жана судьялардын кеңешме бөлмөсүнө кете тургандыгы жөнүндө жарыя кылат.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
42-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (109)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 27-декабрындагы N 17-р "жаран Андрей Михайлович Мироновдун жарандар Кушчубай Култаевич Султановдун…Решение · 27.12.2013 · № 17-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 12-р "жаран Игорь Алексеевич Трофимовдун кайрылуусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени…Решение · 28.11.2013 · № 12-р
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн…Решение · 14.09.2015 · № 11-р
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2013-жылдын 16-ноябрындагы № 9-р "жарандар Т.Балтабаевдин, И.И.Исаковдун, А.Артыковдун, Т.Б.Мамытовдун, Х.З.Коркмазовдун…Решение · 16.11.2013 · № 9-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 27-январыдагы № 1-р ("Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин…Решение · 27.01.2016 · № 1-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 06-р "Аскар кызы Жанаранын кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасында дин…Решение · 30.09.2020 · № 06-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-апрели № 25-р "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн берилген сунуштамасына байланыштуу "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга…Решение · 11.04.2014 · № 25-р
- Решение Конституционной палаты Верховного суда КР от 23 сентября 2015 года № 12-р (по делу о проверке конституционности нормативного положения части 2 статьи 14 конституционного…Решение · 23.09.2015 · № 12-р
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2014-жылдын 24-январындагы №4- "жаран Мамасадык Абдыкалыковдун кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик…Решение · 13.01.2014 · № 01-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 4-мартындагы № 3-р "жаран Нурбек Акбарович Токтакуновдун кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик…Решение · 04.03.2015 · № 3-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 12-февралындагы № 11-р (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 331-беренесинин 3-пунктчасынын…Решение · 12.02.2014 · № 11-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 45-Р ("Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Решение · 04.09.2014 · № № 45-р
- Решение Конституционной палаты Верховного суда КР от 25 ноября 2015 года № 14-р (по делу о проверке конституционности нормативных положений абзаца 2 статьи 22 Закона Кыргызской…Решение · 25.11.2015 · № 14-р
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2014-жылдын 15-январындагы № 2-р "жаран Ринат Изтаевич Етекбаевдин кайрылуусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун…Решение · 15.01.2014 · № 02-р
- КРЖогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 22-ноябрындагы № 11-р "Жаран Дуйшекан Усубакуновна Шигаеванын кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жарандык…Решение · 22.11.2013 · № 11-р
- Таштемир уулу Эркиндин кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-беренесинин 2…Решение · 19.02.2021 · № 04-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 6-мартындагы"Куланбек уулу Айбектин кайрылуусуна байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын…Решение · 06.03.2019
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 16-р "жаран Евгений Владимирович Осинцевдин кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жарандык…Решение · 23.12.2013 · № 16-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 16-сентябрындагы №05-р чечими (Сергей Анатольевич Швайберовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз…Решение · 16.09.2020 · № 05-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы №11-р (Нурханбек Сакенович Момуналиевдин, Рано Тохтасиновна Юлдашеванын кызыкчылыгын…Решение · 23.12.2020 · № 11-р
109 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203281/st-42" title="42-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>