40-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтото туруу
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133.
1. Ишти ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароо мүмкүн болбогон учурларда, Конституциялык палата ал боюнча өндүрүштү келип чыккан тоскоолдуктарды жоюу үчүн зарыл болгон, бирок үч айдан ашпаган мөөнөткө токтото турууга укуктуу. Мында аны кароонун мөөнөтү да токтотулат.
Иш боюнча өндүрүш аны токтото туруу үчүн негиз болгон жагдайлар жоюлганда кайра жаңыртылат. Конституциялык палата тарабынан иш боюнча өндүрүштү токтото туруу башка иштерди кароого тоскоолдук кылбайт.
2. Ишти кароо ал токтотулуп турган учурдан тартып кайра жаңыртылат, ал эми мурда угулган эксперттерди, адистерди жана күбөлөрдү кайталап чакыртуу зарыл учурларда гана жүргүзүлөт. Өндүрүштү кайра баштоодо, Конституциялык палата аныктама чыгарат жана ишке катышуучу адамдарга бул жөнүндө кабарландырылат.
Эгерде Конституциялык палатанын жыйналышы судьялардын башка курамында кайра башталса, ишти кароо кайрадан башталат.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
40-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203281/st-40" title="40-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>