20-берене. Конституциялык палатага кайрылуу субъекттери
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133.
1. Конституциялык палатага кайрылуу укугу төмөнкүлөргө таандык:
1) жеке же юридикалык жакка (жактарга), эгерде ал Конституцияда таанылган анын укуктары жана эркиндиктери мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда бузулган деп эсептесе;
2) Жогорку Кеңешке;
3) Жогорку Кеңештин фракциясына (фракцияларына);
4) Президентке;
5) Өкмөткө;
6) Премьер-министрге;
7) Кыргыз Республикасынын судьясына (судьяларына);
8) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына;
9) Башкы прокурорго;
10) Акыйкатчыга (Омбудсменге).
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-6, 8-10-пункттарында көрсөтүлгөн органдар жана кызмат адамдары Конституциялык палатага - сунуштама, башка адамдар - өтүнүч, ал эми судья (судьялар) суроо-талап таризиндеги кайрылууларды беришет.
Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-6, 8-10-пункттарында көрсөтүлгөн органдар жана кызмат адамдары компетенция маселелер боюнча Конституциялык палатага кайрылган учурда, алардын компетенциясына тиешелүү бөлүгүнө гана сунуштама киргизиши мүмкүн.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 2-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү Мирбек Исамаматович Арзиевдин жана…Постановление · 02.04.2019
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 27-февралы "Алтынбек Шайлобекович Сулуевдин кызыкчылыгындагы Медербек Абдыраевич Абдыраевдин Кыргыз…Постановление · 27.02.2018
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 26-январындагы "Жаран Таалайбек Джапарович Саатовдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун…Постановление · 26.01.2015
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 9-апрелиндеги "К.З.К. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын…Постановление · 09.04.2021
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 27-ноябрындагы "Уралбек Сабыркулович Момункуловдун кызыкчылыгын көздөгөн Мунарбек Абдукадырович…Постановление · 27.11.2018
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 28-сентябрындагы "Жаран Эсенжан Алимжанович Абылкасымовдун жаран Муратбек Садирдинович Кусматовдун…Постановление · 28.09.2015
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 28-июнундагы "Айтбай Абдыкадыровдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык…Постановление · 28.06.2018
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 29-январындагы "Дуйшонали Мамасалиевдин кызыкчылыгындагы Вилен Рафаильевич Федоровдун Кыргыз…Постановление · 29.01.2018
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203281/st-20" title="20-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>