Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү Мирбек Исамаматович Арзиевдин жана Бейшенбек кызы Камиланын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 19-февралындагы № 02 аныктамасына даттануусун кароо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү Мирбек Исамаматович Арзиевдин жана Бейшенбек кызы Камиланын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 19-февралындагы № 02 аныктамасына даттануусун кароо жөнүндө 2019-жылдын 2-апрели
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы С.А. Джолгокпаеванын катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү М.И. Арзиевдин жана Бейшенбек кызы Камиланын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 19-февралындагы № 02 аныктамасына даттануусун соттук отурумда карап чыгып, Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Г.У. Калиеванын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 35-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесинин 2-пунктуна, 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 6-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 74-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө сунуштамасы келип түшкөн. Сунуштамадан келип чыккандай, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде сот адилеттигин жүзөгө ашырууга кийлигишпөө принцибин жана конкреттүү сот иши боюнча отчетту талап кылууга тыюу салууну сактоо менен Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ишмердиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын ар жылдык маалыматын угууну карайт. Кайрылуу субъектинин пикири боюнча бул ченем мамлекеттик бийликти уюштуруунун эң маанилүү принциптеринин бири болгон мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принцибине карама-каршы болууда (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесинин 2-пункту). Бул принциптин маңызы бийликтин ар бир бутагына салыштырмалуу өз алдынчалуулук жана көз карандысыздыкты берүүдө, ошондой эле бийликтин бир бутагынын башкасына үстөмдүк кылуусун жокко чыгарган алардын ортосунда зарыл болгон тең салмактуулукту камсыз кылган ыйгарым укуктардын көлөмүн берүүдө турат. Кайрылуу субъекти Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө да шилтеме кылууда, ага ылайык мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 35-пунктунун ченеми 2007-жылкы редакциядагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 1-бөлүгүнүн 30-пунктун жүзөгө ашырууда кабыл алынган жана Конституциялык жана Жогорку соттордун төрагаларынын ар жылдык баяндамаларын угуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарын караган, ал эми күчүндөгү Конституцияда мындай ыйгарым укуктар жок. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Баш мыйзамда аныкталган ыйгарым укуктарынын алкагынан чыга албайт жана аларды мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен кеңейтүү мүмкүндүгүнө жол бербейт деп белгилейт. Ушуга байланыштуу, арыздануучунун пикири боюнча талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 6-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө түздөн-түз карама-каршы келүүдө. Кайрылуу субъекти баяндалганга негизденип, талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранууда. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Г.У. Калиеванын сунуштамасын карап чыгып, өзүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы аныктамасы менен бул кайрылууну конституциялык сот өндүрүшүнө кийнкидей негиздер менен жүйөлөштүрүп кабыл алган. Соттук коргонуу укугу ар кимдин, анын ичинде юридикалык жактардын да конституциялык укугу болуп саналат. Демек, эгер юридикалык жак анын Конституцияда таанылган укуктары мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылар менен бузулуп жатат деп эсептесе, ал Конституциялык палатага кайрыла алат. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 24-беренесине ылайык конституциялык Мыйзамдын талаптарына жооп берүүчү сунуштамалар, өтүнүчтөр жана суроо-талаптар таризиндеги Конституциялык палатага кайрылуу Конституциялык палатада каралуучу иштин себептери болуп эсептелет. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгү Конституциялык палатага кайрылуу субъекттеринин тизмесин караштырган, ага мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот - бардык үч бийлик бутагынын ѳкүлдѳрү кирет. Келтирилген кайрылуу мамлекеттик органдын конституциялык-укуктук статусуна ылайык анын компетенция маселелерин козгогондугун эске алып, судьялар коллегиясы «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде жогорку сот органы катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кайрылуусун сунуштама таризинде кабыл алууну мүмкүн деп эсептеген. Келип түшкөн материалдардан судьялар коллегиясы «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 35-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳ маселеде күмөндүүлүктүн болгонун тапкан, бул ишти конституциялык сот өндүрүшүнүн алкагында кароо үчүн негиз болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү М.И. Арзиев жана Бейшенбек кызы Камила судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 19-февралындагы аныктамасы менен макул болбостон 2019-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылышкан. Арыздануучулар өз даттануусунда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык Конституция тарабынан таанылган укуктар жана эркиндиктер алар тарабынан бузулуп жатат деп эсептелсе ар бир адам мыйзамдын жана башка ченемдик укук актыларынын конституциялуулугун талашууга укуктуу деп белгилешкен. Мында алар «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, эгерде жеке же юридикалык жак Конституцияда таанылган анын укуктары жана эркиндиктери мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда бузулган деп эсептесе, аларга Конституциялык палатага кайрылуу укугу таандык деп көрсөтөшүүдө. Ошентип, арыздануучулардын пикири боюнча юридикалык жактар конституциялык сот өндүрүшүн козгоо жөнүндө маселени алар тарабынан талашылып жаткан ченемдер менен Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген укуктар жана эркиндиктер бузулган же бузулушу мүмкүн болгондо гана коюуга укуктуу. Кайрылуу субъекти Конституцияга жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык, анын пикири боюнча, талашылып жаткан акт менен Кыргыз Республикасынын Конституциясында таанылган кайсы укуктар жана эркиндиктер бузулуп жатканын сунуштамада көрсөтүп, өзүнүн көз карашын негиздеп, Конституциянын тийиштүү ченемдерине шилтеме жасоо менен алардын нагыз же мүмкүн болуучу бузулуусун күбѳлѳндүрүүчү жүйөлөрдү жана далилдерди келтирүүгѳ милдеттүү. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын бул талаптарын аткарбоо өтүнүчтү ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. Андан тышкары, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү өз даттануусунда талашылып жаткан ченемде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинде каралган сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишмердикке кийлигишпөө принциби жана конкреттүү сот иши боюнча отчетту талап кылууга тыюу сакталганын белгилешүүдө. Ушуга байланыштуу, арыздануучулар «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талашылып жаткан ченеми Конституцияда таанылган укуктарды жана эркиндиктерди эч кандай даражада бузган жери жок деп айтышууда. Ошондой эле, арыздануучулар, кайрылуучу тарап ѳз сунуштамасында анын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин бузулуусу жөнүндө жүйөлөрдү келтирген эмес, демек, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сунуштамасы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тарабынан жетиштүү негиздерсиз өндүрүшкө кабыл алынган деп эсептешүүдө. Баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 19-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын кайрылуусун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндө аныктамасын жокко чыгарууну суранышууда. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүнүн жүйөлөрүн жана кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуунун негиздерин талкуулап, кийинкидей тыянактарга келди. Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасы укуктун үстөмдүгүн Конституциянын үстөмдүгү аркылуу камсыз кылган демократиялуу, укуктук мамлекет болуп саналат. Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылууда өзөктүү роль конституциялык контролдоо органына ыйгарылган, анын маңызы Конституцияда кепилденген ар кимдин укуктары жана эркиндиктеринин бузулуу маселеси боюнча да, конституциялык орнотмолорго ылайык мамлекеттик түзүлүштүн, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын компетенциясынын маселелери боюнча да мыйзамдардын, башка ченемдик укуктук актылардын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндө иштерди чечүүдѳ турат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүнүн демократиялык мүнөзү мамлекеттик бийликти мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтерине бөлүштүрүү принцибинин негизинде куруу аркылуу да камсыз кылынат. Мындай бөлүштүрүүнүн маңызы бийликтин ар бир бутагына тийиштүү укуктук статусту, өз алдынчалуулукту жана көз карандысыздыкты, ошондой эле бир бийлик бутагынын экинчисине үстөмдүк кылууну жокко чыгарып, алардын ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кыла ала турган ыйгарым укуктардын кѳлѳмүн ыйгарууда турат. Ушуга байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Конституция менен кепилденген укуктар жана эркиндиктер бузулган учурда гана эмес, Баш мыйзамга ылайык келбестиктер табылган башка учурларда да Конституциялык палатага кайрылуу укугу каралган. Сот бийлиги мамлекеттик бийлик бутактарынын бири катары кандайдыр бир жеке укуктук максаттарды көздөбөйт, мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бийлик бутактары менен бир катар мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга жана мамлекеттин конституциялык негиздерин коргоого багытталган коомдук-укуктук функцияларды жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесине ылайык Жогорку сот мыйзамда белгиленген тартипте сот процессине катышуучулардын кайрылуулары боюнча соттордун соттук актыларын кайра кароону жүзөгө ашырган жогорку сот органы болуп саналат. Жогорку сот анын конституциялык-укуктук статусуна жана ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык башка мамлекеттик бийликтин жогорку органдары сыяктуу эле мамлекеттик бийлик органдарынын компетенция маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылууга укуктуу. Демек, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген укуктардын жана эркиндиктердин бузулушуна байланыштуу Конституциялык палатага кайрылуу укугу пайда болгон башка юридикалык жактар менен бир катарда каралышы мүмкүн эмес. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 19-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын сунуштамасын өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктамасын жокко чыгарууга негиздерди тапкан жок. Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү Мирбек Исамаматович Арзиевдин жана Бейшенбек кызы Камиланын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 19-февралындагы № 02 аныктамасын жокко чыгаруу жөнүндө даттануусу канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 37 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон