9-берене. Транспорт каражаттарында ичүүчү суу менен камсыздоо системасынын коопсуздугу боюнча талаптар
Күчүндө · 28.04.2017 редакциясы
1. Үч сааттан ашык жолдо жүргөн транспорт каражаттарында (темир жол поезддеринде жана аба кемелеринде, алыска баруучу автобустарда жана башка транспорт каражаттарында) ичүүчү суу менен камсыздоо ичүүчү суу менен камсыздоонун системасын уюштуруу аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Транспорт каражаттарында ичүүчү суу менен камсыздоонун системасы аркылуу берилүүчү ичүүчү суу ушул Мыйзамдын 1-тиркемесинде белгиленген ичүүчү суунун коопсуздугу боюнча талаптарга ылайык келиши керек.
3. Транспорт каражаттарында ичүүчү сууну сактоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилген, ылайыктуулугун ырастоо жөнүндө документтери бар материалдан даярдалган идиштерде болушу керек.
4. Транспорт каражатын пайдаланууну жүзөгө ашыруучу адамдар транспорт каражаттарында ичүүчү суу менен камсыздоонун системасын тиешелүү түрдө пайдаланууну камсыз кылууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүүгө алуу жыштыгы менен коопсуздук боюнча талаптарга ичүүчү суунун ылайык келишине өндүрүштүк контролду камсыз кылат.
Берененин тексти 28.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203278/st-9" title="9-берене - Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>