8-берене. Ичүүчү суу менен камсыздоо чөйрөсүндө пайдаланылуучу материалдарга, реагенттерге, жабдууларга жана технологияларга талаптар
Күчүндө · 28.04.2017 редакциясы
1. Сууну даярдоо жана ичүүчү сууну бөлүштүрүү үчүн пайдаланылуучу материалдар, реагенттер жана жабдуулар сууга тийгенде ушул Техникалык регламент менен белгиленген ченемдерден ашпаган сандагы адамдын ден соолугу үчүн зыяндуу аралашмаларды бөлүп чыгарбоого тийиш.
2. Ичүүчү суу менен камсыздоо системаларында колдонулуучу жана ичүүчү сууну ташуу үчүн идиштерди даярдоо процессинде пайдаланылуучу материалдар, реагенттер, жабдуулар адамдардын ден соолугуна мүмкүн болгон терс таасирдин алдын алуу үчүн аларды пайдалануунун белгиленген талаптарына жана эрежелерине ылайык келүүгө тийиш.
3. Ичүүчү суу менен камсыздоо системасында колдонулуучу технологиялык жабдуулар гигиеналык талаптарга, ошондой эле жарылуу, өрт чыгуу жана экологиялык коопсуздук талаптарына жооп берүүгө жана кызматкерге зыяндуу жана кооптуу факторлордун аракетин алып салууга тийиш.
4. Ичүүчү сууда аны иштетүү процессинде келген жана түзүлгөн химиялык заттар ушул Мыйзамдын 1-тиркемесинде (D бөлүгү) белгиленген коопсуздуктун ченемдик көрсөткүчтөрүнөн ашпашы керек.
5. Ушул Мыйзамдын 1-тиркемесинде (D бөлүгүндө) регламенттелбеген, кайсы болбосун башка бир химиялык заттарды коопсуздукка зарыл болгон сыноолордон өткөзмөйүн колдонууга тыюу салынат.
6. Жеке жана юридикалык жактар ичүүчү суунун көрсөткүчтөрүн дезинфекциянын кыйыр продуктары менен төмөндөтпөстөн, аны натыйжалуу дезинфекциялоону камсыз кылат.
Берененин тексти 28.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203278/st-8" title="8-берене - Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>