28-берене. Биосфералык аймактарды же резерваттарды түзүүнүн максаты
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 июня 2024 года № 95
1. Биосфералык аймактар же резерваттар төмөндөгүдөй максатта түзүлөт:
- маданий жана жаратылыш мурастарына бай табигый аймактарды сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу;
- регионду узак мөөнөттүү, туруктуу экономикалык жана социалдык өнүктүрүүгө, анын ичинде жаратылыш ресурстарынын сакталышын жана калыбына келишин эске алуу менен аларды рекреациялык максаттарда пайдаланууга колдоо көрсөтүү;
- узак мөөнөттүү экологиялык мониторинг жана илимий изилдөөлөрдү, ошондой эле экологиялык агартуу жана тарбиялоо жүргүзүү.
2. Биосфералык аймак же резерват тиешелүү илимий негиздеменин жана техникалык долбоордун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен уюштурулат.
3. Биосфералык аймактарды же резерваттарды уюштуруу жөнүндө сунуш биосфералык резерваттардын эл аралык тармагына киргизүү, ырастоо жана тиешелүү сертификатын берүү үчүн Бириккен улуттар уюмунун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча бөлүмүнө жиберилет.
4. Биосфералык аймакты же резерватты уюштуруунун жана анын иштешинин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
(КР 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203262/st-28" title="28-берене - Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>