29-берене. Эл аралык маанидеги өзгөчө корголуучу трансчек аралык жаратылыш аймактарын уюштуруунун тартиби, максаты жана милдеттери
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 8-глава
1. Эл аралык маанидеги өзгөчө корголуучу трансчек аралык жаратылыш аймактары мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде уюштурулат.
2. Эл аралык маанидеги өзгөчө корголуучу трансчек аралык жаратылыш аймактары биосферанын жалпы экологиялык тең салмагын сактоо, флоранын жана фаунанын жок болуу коркунучунда турган жана Кыргыз Республикасынын жана коңшу өлкөлөрдүн Кызыл китебине киргизилген биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, Кыргыз Республикасы тарабы болгон эл аралык келишимдерден чыгуучу Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу максатында уюштурулат.
3. Эл аралык маанидеги өзгөчө корголуучу трансчек аралык жаратылыш аймактары төмөнкүдөй маселелерди чечүүгө арналат, алар:
- көп тараптуу жана эки тараптуу эл аралык келишимдерге ылайык жаратылыш-корук фондунун аймактарын жана объекттерин коргоо жана пайдалануу жаатында эл аралык кызматташууну жүзөгө ашыруу;
- жаратылыш-корук фондун сактоого багытталган эл аралык илимий жана илимий-техникалык программаларды иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу;
- алынган илимий маалымат менен алмашуу;
- чектеш аймактарда эл аралык стандарттарга ылайык келген ар кыл категориядагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү;
- илимий адистерди биргелешип даярдоону уюштуруу;
- экологиялык-агартуучу жана башка иштерди жүзөгө ашыруу.
(КР 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203262/st-29" title="29-берене - Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>