27-берене. Мамлекеттик ботаникалык бактарды, дендрологиялык жана зоологиялык парктарды пайдалануунун милдеттери жана режими
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 6-глава
1. Мамлекеттик ботаникалык бактардын, дендрологиялык жана зоологиялык парктардын негизги милдеттери төмөндөгүлөр болуп эсептелет:
- илимий жана маданий-агартуу жагынан чоң мааниге ээ жандуу өсүмдүктөрдүн, жапайы жаныбарлардын (айрыкча сейрек жана жок болуп бараткан түрлөрүн), ата мекендик жана чет өлкөлүк флоранын жана фаунанын коллекцияларын жасалма шарттарда сактоо;
- илимий-изилдөө жумуштарын жүргүзүү;
- дыйканчылык, зоология жана жаратылышты коргоо жаатында окутуучу-педагогикалык жана илимий-агартуучу иштерди жүргүзүү.
2. Мамлекеттик ботаникалык бактардын, дендрологиялык жана зоологиялык парктардын аймактарында алардын милдеттеринин аткарылышына байланышпаган жана өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн коллекцияларынын сакталышын бузуучу бардык иштерге тыюу салынат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203262/st-27" title="27-берене - Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>