10-берене. Жеке жана юридикалык жактардын укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 1-глава
1. Жеке жана юридикалык жактар өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын уюштуруу, коргоо жана иштеши боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү укугуна ээ.
2. Жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардан өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын уюштуруу, иштеши, коргоонун жана максаттык арналышы боюнча пайдалануунун белгиленген режимин сактоо маселелери боюнча толук, туура жана өз убагында маалымат алууга укуктуу.
3. Жеке жана юридикалык жактар өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын режиминин сакталышына жана максаттык арналышы боюнча пайдаланылышына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коомдук контролду жүзөгө ашырууга укуктуу.
4. Жеке жана юридикалык жактар ушул Мыйзамдын талаптарын бузган кызмат адамдарынын, мекемелердин жана уюмдардын ишине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте администрациялык жана же соттук тартипте даттанууга укуктуу.
5. Жеке жана юридикалык жактар өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоонун жана пайдалануунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген режимдерин сактоого милдеттүү.
6. Жеке жана юридикалык жактар өрт коопсуздугунун эрежелерин бекем сактоого милдеттүү.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Ысык-Көл биосфералык аймагы жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 токтому менен бекитилген) жобоПоложение · 24.01.2000 · № 40
- Биосфералык аймактар жөнүндөЗакон · 09.06.1999 · № 48
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203262/st-10" title="10-берене - Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>