11-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мамлекеттик кадастры
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 июня 2024 года № 95
1. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мамлекеттик кадастры жаратылыш-корук фонддун абалын баалоо, ал аймактардын тармагын өнүктүрүүнүн келечегин аныктоо, белгиленген режимдин сакталышына мамлекеттик контролдун натыйжалуулугун арттыруу, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү пландоодо ал аймактарды эсепке алуу максатында жүргүзүлөт.
2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мамлекеттик кадастры өзүнө алардын категориясы, максаттык арналышы, географиялык абалы, чек аралары, коргоо режими, биологиялык, экологиялык-агартуучу, илимий, экономикалык, тарыхый, маданий жана улуттук баалуулугу жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мамлекеттик кадастрын жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"Редакцияларды салыштыруу
13.06.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аймактарынын мамлекеттик кадастрын жүргүзүү Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
кошулду: (КР 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203262/st-11" title="11-берене - Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>