20-статья. Фонддун башкаруу органдары
Күчүн жоготкон · 17.11.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 17 октября 2011 года № 173.
1. Фонддун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жогорку органы - акционер;
2) байкоо жүргүзүүчү органы - Директорлор кеңеши;
3) аткаруу органы - Башкарманын төрагасы башында турган Башкарма;
4) контролдоочу органдар - ички аудитор жана тобокел-менеджер.
2. Фонддун башкаруу органдарынын функциялары, ыйгарым укуктары, түзүлүшүнүн жана ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Фонддун уставы менен аныкталат.
3. Мамлекеттик кызматчылар Фонддун акционеринин чечими менен анын башкаруу органына дайындалышы мүмкүн. Фонддун, ошондой эле анын акционеринин жетекчилери жана кызматкерлери өз милдеттерин аткаргандыгы үчүн акы алуу укугу менен коммерциялык жана башка уюмдардын башкаруу органдарында, анын ичинде Фонд тарабынан каржылануучу улуттук долбоорлорду ишке ашыруучу юридикалык жактарда болууга, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү башкаруу органдарына кирүүгө укуктуу.
Берененин тексти 17.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203226/st-20" title="20-статья - "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>