21-статья. Фонддун акционери
Күчүн жоготкон · 17.11.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 17 октября 2011 года № 173.
1. Фондду башкаруунун жогорку органы болуп анын акционери эсептелет, ал ушул Мыйзамда аныкталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген акционерлердин жалпы чогулушунун компетенциясынын алкагында Фонддун ишинин маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат.
2. Фонддун акционеринин өзгөчө компетенциясына анын ишинин төмөнкүдөй атайын маселелери кирет:
1) Фонддун ишинин негизги принциптерин, багыттарын, артыкчылыктарын жана параметрлерин бекитүү;
2) Фонддун кредиттик жана инвестициялык саясатын ишке ашыруу максаты үчүн экономикалык стратегиялык жана артыкчылыктуу тармактарынын тизмегин аныктоо;
3) улуттук долбоорлорду Фонддун каржылоосу үчүн өткөрүп берүү. Мындай каржылоонун кредиттик жана инвестициялык тобокелдерин баалоо Фонддун Директорлор кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат;
4) мамлекеттин атынан Фонд мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө кирүү. Мындай өнөктөштүктө Фонддун катышуусунун тобокелин баалоо Директорлор кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Фонддун акционеринин регламенти жана чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору анын уставы менен аныкталат.
Берененин тексти 17.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203226/st-21" title="21-статья - "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>