1-берене
Күчүн жоготкон · 17.11.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 17 октября 2011 года № 173.
"Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 704-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.
1. 1-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук Агенттиги Фонддун акцияларын башкаруу боюнча мамлекеттин агентинин функцияларын аткарат, ошондой эле аларды кармоочу (акционер) болуп эсептелет. Фонддун акцияларын сатууга, күрөөгө коюуга, кандайдыр бир башка ыкмалар менен милдеттерди артууга же алып коюуга мүмкүн эмес.".
2. 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Фонддун максаты
Фонддун ишинин негизги максаты активдердин сакталышын жана көбөйтүлүшүн камсыз кылуучу мамлекеттин ишенип берилген активдерин натыйжалуу корпоративдик башкаруу жолу менен экономиканын артыкчылыктуу жана стратегиялык тармактарын өнүктүрүүгө, ишке ашырууга жана стимулдоого көмөк көрсөтүү болуп эсептелет.".
3. 5-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7- жана 8-пункттар менен толукталсын:
"7) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктөрдө анын агенти катары мамлекеттин чыгышы;
8) Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук Агенттигине консультациялык, эксперттик жана аналитикалык кызматтарды акысыз негизде көрсөтүшү.".
4. 9-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3- жана 4-пункттар менен толукталсын:
"3) өзүнүн атынан баалуу металлдарды сатып алуу жана сатуу;
4) баалуу кагаздарды жана башка мүлктөрдү ишеним менен башкаруу.".
5. 12-статьяда:
12-статьянын бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "долбоорлор" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө "улуттук долбоорлор" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Фонд Фонддун акционери тарабынан аныкталган талаптарга жооп берүүчү улуттук долбоорлорду каржылайт. Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча долбоорго "улуттук" статус берилет.".
6. 14-статьянын 1-пунктундагы "долбоорлор" деген сөз "улуттук долбоорлор" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 15-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "анын акционери" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 16-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Фонддун таза пайдасын бөлүштүрүү тартиби Директорлор кеңешинин сунуштарынын негизинде анын акционери тарабынан аныкталат.".
9. 6-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-глава Фонддун башкаруу органдарынын түзүмү
Берененин тексти 17.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндөЗакон · 06.08.2007 · № 135 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203226/st-1" title="1-берене - "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>