1-берене
Күчүн жоготкон · 19.10.2013 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 октября 2013 года № 195.
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-жыл, N 3, 126-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Расмий тилдеги тексттин 5-беренесинин 2-пунктундагы "предпринимательской" деген сөз алынып салынсын.
2. 9-берененин 1-бөлүгүндө:
расмий тилдеги тексттин биринчи абзацындагы "предпринимательской" деген сөз алып салынсын; 1, 17, 19, 27, 28 жана 34-пункттар күчүн жоготту деп табылсын; 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "2) стационардык жана көчмө жүк көтөргүч механизмдер, экскалаторлор жана фуникулерлор колдонулуучу кооптуу өндүрүштүк объекттерди иштетүүнү кошпогондо, кооптуу өндүрүштүк объекттерди долбоорлоо жана иштетүү"; 5-пункттагы "парфюмердик-косметикалык жана химиялык заттарды (самын-кир жуугуч, парфюмердик-косметикалык товарларды өнөржай ишканаларынын сапат сертификацияларынын негизинде саткан соода ишканаларынан тышкары") деген сөздөр алынып салынсын: 9-пункттагы "иштердин" деген сөз "атайын жумуштардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 13-пункттагы "ломбард иши" деген сөздөр алып салынсын; 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "18) почта, электр байланышы, маалымат берүү, телерадиоберүү, анын ичинде бул үчүн зарыл болгон тармактарды, линияларды, курулмаларды, тутумдарды жана түзүлүштөрдү долбоорлоо, өндүрүү, жасоо, орнотуу (технологиялык жана ички өндүрүштүк арналыштагы байланышты уюштуруудан тышкары) жагындагы иш-аракет;"; 35-пункттагы "бажы ташуучусу" деген сөздөр алып салынсын.
3. Расмий тилдеги тексттин 17-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасындагы "предпринимательской" деген сөз алып салынсын.
Берененин тексти 19.10.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203201/st-1" title="1-берене - "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>