19-берене. Ыйгарым укуктуу органдын төрагасынын, төраганын орун басарынын жана ыйгарым укуктуу органдын Аткаруучу кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 06.11.2019 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 6 ноября 2019 года № 124.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 марта 2016 года № 24
1. (КР 2014-жылдын 11-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Ыйгарым укуктуу органдын төрагасы:
Ыйгарым укуктуу органды күтүүгө каралган бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсүнүн жана алуучусунун иш-милдеттерин жана ага жүктөлгөн иш-милдеттерди жүзөгө ашырат; ыйгарым укуктуу органдын ишин жетектейт; ыйгарым укуктуу органдын атынан расмий документтерге кол коет; ыйгарым укуктуу органдын атынан буйруккаттарды жиберет; ыйгарым укуктуу органдын жана анын Аткаруучу кеңешинин чечимдеринин аткарылышын контролдойт; ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандык үчүн санкцияларды салуу жөнүндө чечим кабыл алат; ыйгарым укуктуу органдын төрагасынын орун басарына жана Аткаруучу кеңешинин мүчөлөрүнө өткөрүп берүүгө тийиш болгон иш-милдеттердин жана милдеттердин тизмегин бекитет; ыйгарым укуктуу органдын түзүмүн жана ыйгарым укуктуу органдын борбордук аппаратынын кызмат орундарынын тизмесин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин бекитүүсүнө киргизет; белгиленген сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чектеринде ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмчөлөрүнүн штаттык тизмесин бекитет; Эксперттик кеңештин жана башка консультациялык кеңештердин персоналдык курамын бекитет; ыйгарым укуктуу органдын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана аймактык бөлүмчөлөрү жөнүндөгү жоболорду бекитет; ыйгарым укуктуу органдын борбордук аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот; ыйгарым укуктуу органдын атынан ишеним катберет; Аткаруучу кеңештин жактыруусу менен ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерин кызматка дайындайт жана андан бошотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот; Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн ыйгарым укуктуу органдын төрагасынын компетенциясына кирген маселелер, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын ички уюштуруу иштеринин маселелери боюнча буйруктарды чыгарат; ыйгарым укуктуу органдын мүлкүн жана каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тескейт; тиешелүү түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн жетекчилеринин жана Аткаруучу кеңештин кураторлук кылуучу мүчөсүнүн сунуштамалары боюнча аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жана кайра алып коюу (андан ажыратуу) жөнүндө чечим кабыл алат; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, тиешелүү түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн жетекчилеринин жана Аткаруучу кеңештин куратордук кылуучу мүчөсүнүн сунуштамалары боюнча банктык эмес финансылык рынокто ишти жүзөгө ашырууга жана аудитордук ишмердиктин укугуна, анын ичинде өзүн өзү жөнгө салуучу уюм катары, лицензияларды берүү, токтото туруу, калыбына келтирүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат; ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун, аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу башка мыйзамдарынын жоболорун бузгандыгы үчүн ачык компанияларга, банктык эмес финансылык рыноктун кесипкөй катышуучуларына жана алардын кызмат адамдарына айыптарды кошо алганда администрациялык тартиптик жазаларын салат; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иш-милдеттерин ишке ашырат.
3. ыйгарым укуктуу органдын төрагасы анын жетекчиси катары өз иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга байланышкан маселелер боюнча жеке өзү чечим кабыл алууга жана милдеттерди Аткаруучу кеңештин башка мүчөлөрүнө жана ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине бөлүштүрүп берүүгө укуктуу.
4. Ыйгарым укуктуу органдын төрагасынын орун басары:
ыйгарым укуктуу органдын төрагасы жок учурда белгиленген тартипте анын милдетин аткарат; өзүнүн милдетине кирген маселелер боюнча же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана/же төраганын чечимине ылайык ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерине көрсөтмөлөрдү берет; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
5. ыйгарым укуктуу органдын Аткаруучу кеңешинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же ыйгарым укуктуу органдын төрагасынын чечимдеринде аныкталган ыйгарым укуктардын чектеринде ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерине көрсөтмөлөрдү беришет; Аткаруучу кеңешке жазуу же оозеки түрүндө өзүнүн өзгөчө пикирин же кошумча материалдарды киргизет, алар Аткаруучу кеңеш кароочу маселелер боюнча Аткаруучу кеңештин жыйналышынын протоколуна милдеттүү түрдө киргизилет; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Аткаруучу кеңештин чечимдерине ылайык, Кыргыз Республикасындагы банктык эмес финансылык рынок, аудит, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук тутуму боюнча ыйгарым укуктуу органдын ишмердик секторлорунун ишин башкарышат; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ыйгарым укуктуу органдын төрагасынын чечимдерине ылайык Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рыногун, баалуу кагаздар рыногун, бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча өнүктүрүү саясатын жүргүзүшөт; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иш-милдеттердин жүзөгө ашырат. (КР 2014-жылдын 11-январындагы № 8, 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.11.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 января 2014 года № 8 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной службе по регулированию и надзору за финансовым рынком Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
22.03.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…анын ичинде өзүн өзү жөнгө салуучу уюм катары, лицензияларды алынып салынды: жана башка уруксат документтерди берүү, токтото туруу, калыбына келтирүү алынып салынды: жана кайра чакыртып алуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
ушул Мыйзамдын жана Кыргыз … иш-милдеттердин жүзөгө ашырат.
(КР 2014-жылдын 11-январындагы № алынып салынды: 8 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 8, 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду…Закон · 11.01.2014 · № 8 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203198/st-19" title="19-берене - Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>