18-берене. Ыйгарым укуктуу органдын төрагасынын, төраганын орун басарынын жана ыйгарым укуктуу органдын Аткаруучу кеңешинин башка мүчөлөрүнүн жеке кызыкчылыктарын ачыкка чыгаруусу
Күчүн жоготкон · 06.11.2019 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 6 ноября 2019 года № 124.
1. Кызматка дайындалган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын төрагасы, статс-катчы, төраганын орун басары жана Аткаруучу кеңештин башка мүчөлөрү Кыргыз Республикасында же анын чегинен сырткары ишкердик ишмердикте, Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары чыгарылган баалуу кагаздарда камтылган, кызматтык милдеттеринин жана жеке кызыкчылыктарынын ортосундагы таламдардын кагылышуусуна алып келиши мүмкүн болгон жеке кызыкчылыктары тууралу Аткаруучу кеңешке жазуу жүзүндө маалымат берүүгө милдеттүү.
2. Ыйгарым укуктуу органдын төрагасы, статс-катчы, төраганын орун басары жана Аткаруучу кеңештин башка мүчөлөрү ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке кызыкчылыктарынын пайда болушуна же токтотулушуна жараша бул тууралу Аткаруучу кеңешке дароо маалымат берүүгө милдеттүү.
3. Эгерде Аткаруучу кеңештин жыйналышына катышкан Аткаруучу кеңештин мүчөсү Аткаруучу кеңеш караган маселелерге тикелей же кыйыр түрдө жеке кызыкчылыгы бар болсо, ал бул тууралу Аткаруучу кеңешке токтоосуз маалымат берүүгө милдеттүү жана мындай маселелер боюнча чечимдерди кароого жана/же кабыл алууга катышпоого тийиш.
4. Эгерде каралуучу маселенин предмети ыйгарым укуктуу органдын төрагасынын, статс-катчынын, төраганын орун басарынын, Аткаруучу кеңештин мүчөсүнүн жакын тууганы же аффилирленген адам, ыйгарым укуктуу органдын төрагасы, статс-катчы, төраганын орун басары, Аткаруучу кеңештин мүчөсү же алардын жакын туугандары акциялардын (үлүштөрдүн) ири пакетинин ээси болуп саналган юридикалык жак болуп саналса, ыйгарым укуктуу органдын төрагасынын, статс-катчынын, төраганын орун басарынын жана Аткаруучу кеңештин башка мүчөлөрүнүн жеке кызыкчылыгы бар деп табылат.
Берененин тексти 06.11.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203198/st-18" title="18-берене - Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>