Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө» Мыйзам
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 15-июлу № 216 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө
(КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптери жаатында мамилелердин өзгөчөлүктөрү башка мыйзамдар менен жөнгө салынат. Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптери жаатында мамилелерге ушул Кодекс башка мыйзамдар менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө колдонулат.".
2-берене. "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 6, 273-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу мамилелер жаатында бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчеттуулукту түзүүнүн методикалык негизи болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган исламдык финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсептин стандарттары эсептелет.".
2. 5-статьяда:
статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын: "1-1. Ушул Мыйзамдын жоболору банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу мамилелер жаатында исламдык финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсептин стандарттары менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө колдонулат."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын: "2-1. Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерине ылайык иш жүргүзүүчү уюмдарда бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансылык отчеттуулукту түзүүгө талаптар исламдык финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсептин стандарттарына ылайык аныкталат.".
3-берене.
(КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 Мыйзамына ылайык 2025-жылдын 3-ноябрынан тартып күчүн жоготот)
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдан кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Бухгалтердик эсеп жөнүндөЗакон · 29.04.2002 · № 76
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндөЗакон · 29.04.2025 · № 89
- Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндөЗакон · 23.07.1998 · № 96 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Бухгалтердик эсеп жөнүндөЗакон · 29.04.2002 · № 76
- Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндөЗакон · 29.04.2025 · № 89
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.