2-берене
Күчүндө · 29.04.2025 редакциясы
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 6, 273-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу мамилелер жаатында бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчеттуулукту түзүүнүн методикалык негизи болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган исламдык финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсептин стандарттары эсептелет.".
2. 5-статьяда:
статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын: "1-1. Ушул Мыйзамдын жоболору банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу мамилелер жаатында исламдык финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсептин стандарттары менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө колдонулат."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын: "2-1. Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерине ылайык иш жүргүзүүчү уюмдарда бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансылык отчеттуулукту түзүүгө талаптар исламдык финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсептин стандарттарына ылайык аныкталат.".
Берененин тексти 29.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Бухгалтердик эсеп жөнүндөЗакон · 29.04.2002 · № 76
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203179/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>