Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
86-берене. Мыйзам долбоорлоруна таандык болбогон маселелер боюнча добуш берүү
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 14-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 октября 2013 года № 193
1. Мыйзам долбоорлоруна таандык болбогон маселелер боюнча добуш берүү, аларды талкуулоодон кийин өткөрүлөт, мында чечүүчү добуш укугун (мындан ары - добуш берүү укугун) өткөрүп берүүгө жол берилет.
2. Депутат добуш берүү укугун өзүнүн фракциясынын лидерине же депутатына берүүгө укуктуу, алар бир эле учурда экиден ашык ишеним каттарын ала алышпайт.
Добуш берүү укугун башка фракциянын депутатына берүүгө жол берилбейт.
3. Кадимки жагдайда жүйөлүү себептер менен депутаттын жок болушу катары төмөндөгүлөр саналат:
1) убактылуу ишке жарамсыздыгы;
2) кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча, баланы асырап алууга байланыштуу өргүү;
3) эмгек акысы сакталбаган өргүү (үй-бүлөлүк шарттар, никеге катталуу учурлары, баланын төрөлүшү боюнча, баланы багуу боюнча, жакын туугандарынын каза болгондугуна байланыштуу);
4) окуу өргүүсү, иш сапарында болуусу, жазуу түрүндөгү чакыруу боюнча мамлекеттик аземдерге жана расмий кабыл алууларга, семинарларга, конференцияларга жана парламенттин жетекчилигинин уруксаты менен башка иш-чараларга катышуусу;
5) тиешелүү документтер менен тастыкталган транспорттук тоскоолдуктар.
4. Ушул беренеде көрсөтүлгөндөн тышкары, ар бир учурда депутаттын жок болушунун себебин жүйөлүү деп таануу жөнүндөгү маселе тиешелүү комитет тарабынан чечилет.
5. Добуш берүү укугун өткөрүп берүү өзүнүн жок болушунун себептерин, добушу өткөрүлүп берилип жаткан убактысын, ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан каралып жаткан маселелер боюнча добуш берүү учурунда добушту кантип берүүсүн көрсөтүү менен депутаттык бланкка жол-жоболоштурулат.
6. Жогорку Кеңештин жыйналышында жок болгон мезгилге өзүнүн добушун өткөрүп берүү жөнүндө чечимин депутат телеграмма аркылуу жөнөтүүгө да укуктуу.
7. Депутаттардын добуш берүү укугун өткөрүп берүү жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү арыздары, факсимилдик билдирүүлөрү жана телеграммалары аларды жыйналыштын иш-кагаздарына кошуу үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү кызматтарына берилет.
8. Төрагалык кылуучу Жогорку Кеңештин жыйналышында:
1) жок депутаттардын тизмесин, ошондой эле добуш берүү укугун фракциянын лидерине же депутатына өткөрүп берген депутаттардын тизмесин жарыялайт;
2) добуш берүүгө коюлуучу талапкерлердин же сунуштардын саны жөнүндө билдирет, сунуштардын жөндөлүшүн тактайт, сунуштардын жыйынтыкталган тексттерин жана алардын добуш берүүгө коюла турган ирээтин окуп берет, добуш берүүнүн түрү жөнүндө жана чечим кандай көпчүлүк добуш менен кабыл алынарын эске салат.
9. Добуш берүү укугун өткөрүп берген депутаттардын тизмеси жарыялангандан кийин алардын компьютерлери иштетилет, ал эми калган жок болгон депутаттардын компьютерлери өчүрүлүүгө жатат.
10. Жогорку Кеңештин жыйналышында каттоодон өткөн, бирок добуш берүү учурунда катышпаган депутат өзүнүн добуш берүү укугун башка бирөөгө өткөрүп берүүгө же добуш берүүгө бөлүнгөн убакыт бүткөндөн кийин кайра добуш берүү жөнүндө маселени коюуга укугу жок.
(КР 2013-жылдын 18-октябрындагы № 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 октября 2013 года № 193 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
18.10.2013 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Мыйзам долбоорлоруна таандык болбогон маселелер боюнча добуш алынып салынды: берүү алар талкуулангандан кошулду: берүү, аларды талкуулоодон кийин өткөрүлөт, алынып салынды: мындай учурда, бюллетендер менен ачык добуш берүүнү жана жашыруун добуш берүүнү кошпогондо, кошулду: мында чечүүчү добуш укугун (мындан ары - добуш берүү алынып салынды: укугу) кошулду: укугун) өткөрүп берүүгө жол берилет.
2. Депутат добуш берүү укугун өзүнүн … бүткөндөн кийин кайра добуш берүү жөнүндө маселени коюуга укугу жок.
кошулду: (КР 2013-жылдын 18-октябрындагы № 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-86" title="86-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>