Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-11-16.
КР 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2013-жылдын 18-октябры № 193
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» газетасы, 2011-жылдын 2-декабры, № 102) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 85-беренеде:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «1. Мыйзам долбоорлору боюнча биринчи жана экинчи окууларда добуш берүү аларды талкуулоодон кийин өткөрүлөт. Мыйзам долбоорлору боюнча үчүнчү (төртүнчү) окууда добуш берүү ар бир бейшембинин экинчи жарымында, Жогорку Кеңеш тарабынан аныкталган мөөнөттө өткөрүлөт.»; 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү алып салынсын.
2. 86-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Мыйзам долбоорлоруна таандык болбогон маселелер боюнча добуш берүү, аларды талкуулоодон кийин өткөрүлөт, мында чечүүчү добуш укугун (мындан ары - добуш берүү укугун) өткөрүп берүүгө жол берилет.».
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106