74-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 12-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2017 года № 172
Жогорку Кеңеш республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт жана Бюджеттик классификацияга жана тиркемелерге ылайык кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки болжолдонуучу мезгилге сунуш кылынган төмөнкүдөй көрсөткүчтөрдү кабыл алат:
1) ички дүң продукцияга карата республикалык бюджеттик кирешелеринин салыштырма салмагын жана алардын абсолюттук суммасын;
2) ички дүң продукцияга карата республикалык бюджеттин чыгымдарынын салыштырма салмагын жана алардын абсолюттук суммасын;
3) ички дүң продукцияга карата абсолюттук цифраларда жана пайыздарда республикалык бюджеттин тартыштыгын (профицитин);
4) бюджеттин тартыштыгын жабуу булактарын;
5) кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки болжолдонуучу мезгилге кирешелерди республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү ченемдерин;
6) кезектеги бюджеттик жылдын аягына жана кийинки болжолдонуучу мезгилге карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички жана тышкы карызынын жогорку чегин;
7) кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки болжолдонуучу мезгилге карата Өкмөттүн резервдик фонддорунун ченемдик чоңдугун.
(КР 2017-жылдын 8-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
74-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 августа 2017 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
08.08.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Жогорку Кеңеш тарабынан республикалык бюджеттин долбоорунун экинчи жана үчүнчү окууларда кароонун өзгөчөлүктөрү
1. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда алынып салынды: кароодо Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин чыгымдарын, алардын түрлөрү боюнча бюджеттик классификацияга ылайык бөлүмдөрдүн, топтордун, топчолордун кесилишинде беренелер боюнча бекитет жана үчүнчү окууга даярдоо жана киргизүү үчүн жооптуу комитетке жиберет.
2. Долбоорду үчүнчү окууда кароонун натыйжалары боюнча кошулду: кароо
Жогорку Кеңеш республикалык бюджет жөнүндө алынып салынды: мыйзамды катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен кошулду: мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт жана Бюджеттик классификацияга жана тиркемелерге ылайык кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки болжолдонуучу мезгилге сунуш кылынган төмөнкүдөй көрсөткүчтөрдү кабыл алынып салынды: алат.
3. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан жаңы кошулду: алат:
1) ички дүң продукцияга карата республикалык бюджеттик алынып салынды: жыл башталганга чейин бир ай калгандан кечиктирбестен каралат кошулду: кирешелеринин салыштырма салмагын жана алынып салынды: кабыл алынат.
V БӨЛҮМ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ТАРАБЫНАН ТАЛКУУЛОО ЖАНА ЧЕЧИМДЕРДИ КАБЫЛ
АЛУУ ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ
13-глава
Жогорку Кеңештин жыйналышында маселелерди кароонун жол-жоболорукошулду: алардын абсолюттук суммасын;
2) ички дүң продукцияга карата республикалык бюджеттин чыгымдарынын салыштырма салмагын жана алардын абсолюттук суммасын;
3) ички дүң продукцияга карата абсолюттук цифраларда жана пайыздарда республикалык бюджеттин тартыштыгын (профицитин);
4) бюджеттин тартыштыгын жабуу булактарын;
5) кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки болжолдонуучу мезгилге кирешелерди республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү ченемдерин;
6) кезектеги бюджеттик жылдын аягына жана кийинки болжолдонуучу мезгилге карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички жана тышкы карызынын жогорку чегин;
7) кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки болжолдонуучу мезгилге карата Өкмөттүн резервдик фонддорунун ченемдик чоңдугун.
(КР 2017-жылдын 8-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-74" title="74-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>